Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Атакенин Акболот» ‒ кыргыз элинин бир кылымга жакын тарыхынын көркөм чагылышы

«Атакенин Акболот» ‒ кыргыз элинин бир кылымга жакын тарыхынын көркөм чагылышы

07-август, 08:00
432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кылдат лирик, тарыхый роман тегинин көрүнүктүү өкүлү Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» романы 2012-жылы болгону 1000 нуска менен чыгып, аз эле убакыт аралыгында эң бир сүйгүнчүк, ошол эле маалда өтө таңсык, дээрлик табылгыс басылмага айланып отурат. Арийне, «Атакенин Акболот» тарыхый романы – сюжеттик, идеялык-тематикалык курулушу жагынан кыйла татаал чыгарма. Терең философиялуу маанай, эстетикалык эбегейсиз зор жүктү аркалап турушу аны өздөштүрүүнү кыйындатат жана чыгарманын ички маани-маңызы, идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүгү окурмандан олутту интеллектуалдык даярдыктын болушун талап этет.

«Атакенин Акболот» ‒ Акбар Рыскуловдун роман жазуудагы алгачкы тажрыйбасы, тактап айтканда, романист катары биринчи чыгармасы. Эгер адабий коомчулук А.Рыскуловду мурда чыгаан лирик акын катары таанышса, эми ал өзүн дасыккан романчы катары көрсөтө алды. Романды жазууда автор улуттук рамкадан чыгып, окуя бирде кыргыз жергесинде өтсө, бирде жунгар-ойрот жергесинде. Кытайда, бирде учу-кыйырсыз казак талааларында, Россия мейкининде өтөт. А.Рыскуловдун тарыхый роман жанрынын классиги катары чебер калеми мында буга чейин дүйнө элине белгисиз кыргыз жергесин аалам борборуна айландырып, кыргыздын Атаке баатырга окшогон тарыхта изи калган улуу инсандарын жалпы Жер планетасындагы тирүүчүлүктүн таяныч-түркүгү сымал сүрөттөй алганынан улам көрүндү. Арийне, терең философиялуулук, глобалдуулук маселелери сөзсүз эле улуттук алкактан чыгуу, бөтөн эл-жерди чагылдыруу менен эле чечилип калбайт. Окуя жалаң кыргыз жергесинде өткөн күндө деле роман так азыркысындай нарк-баага татыры анык болучу.

Романды адеп окуп баштаганында, эгер окурман азыркы учурдун көңүл өйүткөн проблемаларынан кабарсыз болсо, түшүнүүгө кыйын, өздөштүрүүгө мүмкүн эместей туюлушу ыктымал. Романдын ички маани-маңызы, камтыган идеясы аң-сезимине толук жеткенинде, мына ушундай өлбөс чыгарманы жаратканы үчүн акактай тунук, таза пейилинде анын автордун алдында баш ийип, таазим кылгысы келгенине күбөсү болосуң.

«Атакенин Акболот» тарыхый романы – лирик акын Акбар Рыскуловдун көп жылдык чыгармачылык изденүүсүнүн үзүрү. Чыгармада кыргыз элинин өз Ата журтун Жоңгор хандыгынан, алыс-жакын баскынчылардан коргоодогу улуттук-боштондук күрөшү чебер сүрөттөлгөн.

Мында азаттык күрөштүн башында турган Атаке баатыр Тынай бий уулунун бейнеси ишенимдүү ачылып берилген. Ал романда доор добушун кылдат сезген колбашчы, улукбий, эл аралык деңгээлдеги дипломат катары көз алдыга даана тартылып келет. Тили чебер, көркөм каражаты көп кырдуу, тарыхый окуяга мол бул үчилтик роман кыргыз адабиятындагы жаңы бийиктик катары таанылып, 2013-жылы жылдын мыкты чыгармасы катары «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгеси ыйгарылган.

Биринчи китеп «Алмагайып» деп аталат. Аталыш «оомалуу-төкмөлүү заман» же «кыйын кезең жылдар» деп түшүнүлгөнү туура. Мында окуя 1727-жылдагы оор жеңилүүдөн кийин кыргыздар алды Гисар менен Кулябга чейин тентип, арты Фергана тарапка сүрүлүүгө аргасызданган бери бир канча жылдар өтүп, кадимки Жаңыл Мырза колдуу болуп жебе учуна кеткен Үчүкөнүн уулу Маматкул бий Болот, Темир баштаган уулдары, Дөөлөт, Бердигул уялаш бир туугандары болуп качпай Ата журтунда калган аталаш иниси, Түлкү баатырдын уулу Тынайдын айылына келип түшкөнү баяндалуу менен ачылат. Жаштар ордо оюнуна кызып, аңгыча Маматкулдун Болоту өкчөгөн чүкөгө ортонун чийинин тебелеп кирген жаш өспүрүм Атаке «сака меники!» деп колун сунду эле, Болот баланын колун өтүгү менен капшыра басат. Атаке колунун териси сыйрылып кетсе да, чүкөнү коё бербейт. Ушунда баланын өз билгенин коё бербеген көктүк мүнөзү көрүнөт. 

Карышкыр чүкөнүн өзүнчө тарыхы бар. Аны Түлкү баатыр уулу Тынай төрөлгөнүндө дөбөт карышкырды өлтүрүп, чүкөсүн томуруп алып, кырып тазалаган соң ырымдап баланын бешигине байлап койгон. Эс тартканы ал карышкыр чүкө алгач Тынайдын, анан Атаке баатырдын дайым жанында жүрчү ыйык буюмуна айланган. Ушул карышкыр чүкөгө байланыштуу Үчүкө менен Түлкү, Жаңыл Мырза баяны эскерилет. Бир жолку көчтө «Тынайдын энеси Даркан буйдала түшкөнбү, не тагдырдын капшабы ушуну жазганбы, көч соңунда кармалып калат. Алчактата ат минип узап бараткан эри хан Түлкүгө заңылдай үн салып, бешикте баланы өңөртүп кой деп өтүнөт» (Рыскул Акбар. Атакенин Акболот. Тарыхый үчилтик. – Б.: Турар, 2012. – 37-б. (Мындан ары карай китептин бети көрсөтүлөт). Ал эми Түлкү аялынын айтканын укмак түгүл, кылчайып койгонду намыс көрүп, жолун андан ары улайт. «…кайненеси Булан тирикарак келиндин заңылдай үн катканын эрөөн алып, «эй, бейбак, ханды катын жумшабайт!» деп кесе айтат. Көч алды караан үзө берет. «Андай экен, ханышага сиз өңөртүп жүрбөңүз?» - токулгалуу тор жоргону чайпала минип калган келин каш серпип, кайненесине кергиштейт. Кексе кемпир дагы кыя кесет: «Кайнене келиндин кулу эмес!» (37-б.) Ушинткен кайнене бешикти алып бербей, атына камчы уруп көчтүн артынан кетет. Ошондо «Силерге керек эмес тукум мага керекпи?» деген сокур намыска, сасыткы суроого жеңдирген жаш келин Даркан шамал менен тең жарышып» (38-б.) бешикти таштаган бойдон жөнөйт.

Бала бешикке бөлөнгөн бойдон эски журтта калып, аны эстегиче бир топ убакыт өтүп кетет. Акыры «кексе кемпир эсине келип, бу «Тынай кулунум кайда?» деп чачын жулуп, жер чапчып, көчтө калган небересине чабарман чаптырса, арча бешик баягы журтта калган калыбында турат имиш. Айырмасы – жабуунун бир өңүрү кайрылып ачык. Ымыркайдын кыйналган түрү жок, көгөрүп-этпей, киндиги чыкпай аман-эсен. Айырмасы – жамажай ууртунан жылжып, жыбылжый агып калган ак көбүк сүт (38–39-б.). Көрсө, баягы Түлкү өлтүргөн дөбөт карышкырдын канчыгы баланы көргөнүндө мээрими козголуп, эмчегин эмизип тойгузуп коюптур. А Даркан келин ошол боюнча төркүнүнө кетип, Түлкү баатыр бир канча жыл бойдок жүрүп калат. Анан нойгут элинин баатыр кызы Жаңыл Мырзага үйлөнөйүн деп оолукту эле, мунун акыры Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабактын өлүмү менен бүтөт.

Кечке жуук, так ошол ордо оюну маалында ойрот жасоолдору айылга басып кирип, жаш өспүрүм Атакени, Кучактын Абдыракманы баштаган бир канча балдарды барымтага кармап кетишет.

Коңтаажы Сыбан Рабдандын буйругу менен кыргыз менен казактан бир канча балдар кармалып келип, ойрот-калмактар алардан болочок тандалма аскер кошуундарын түзмөкчү болушат. Ал балдардын ичинде жаш өспүрүм Атаке менен Абдрахман да бар. Уландар жазагы алгач баш ийбей, моюн толгоп баштады эле, аларды «кийиздей тепкилеп, камырдай ийлөө үчүн анын башына ырайымсыз жүзбашы» дайындалат. Бул Калыңкаш аталган желдет өзү менен айтышып, тил албаганынын улам өспүрүм Атакени жыгып алып, башы-көзүнө карабай тепкилеп, анан колундагы чокмору менен маңдай талаштыра урат. Ошол боюнча өлүп кетер беле, коңтаажы Сыбан Рабдандын жеке кийлигишүүсү менен таңгут табыптын колуна тапшырылып, бир канча айда барып араң бутуна турат. Чокмор тийген эрди айрылып, жырык боюнча калып, так ушул себептүү кийинки өмүрү бүт жүзүнө беткап тагынуу менен өтөт.

Калыңкаш туткундагы уландарды аскер ишине жарытып үйрөтө албаганынан, бул милдет жарадар болуп колго түшкөн кыргыз баатыры Солтонойго тапшырылат. Солтонойдун жетекчилиги астында согуш өнөрүн тыкыр үйрөнгөн уландар ата конушуна кайтып кетүүгө ниеттенип калышты эле, бирдемеден туюнганбы, айтор, «куугунду баштап, чукулдай жете келген Калыңкаш нойонго ача тилдүү найзасын тик сунган Солтокең аны ээр кашынан тайдырып, балчыкка башын тыгат» (95-б.). Андан соң «согуш сырына каныгып, карылуу ат минген уландарын эр Солтоной оболу кыргыз тоолоруна, казак талаасына, не Анжыян тарапка эмес, тескерисинче, из жашырып Кашкар, Жаркен, Турпанга багыштады» (96-б.). Ошондой күндөрдүн биринде Кашкардан Сыбан Рабдан ургасын беттеген сөөлөттүү да дөөлөттүү, ары карылуу соода кербенин капыстан качырып кирген кыргыз жигиттери бир паста ойронун чыгарып, олжого туйтунушат. Ушунда боз улан курагына баш койгон Атаке алгач ирет көзгө урунуп, чапма куралдын төрөсү, көп өтпөй «Атакенин Акболот» аталган дамаск кылычын олжолойт.

Кашкардын Лоп дарыясы тарабына өтүшкөнүндө Атаке Жаңыл Мырзадан чоң атасы Түлкүнүн өчүн алмакчы болуп, айылын түн жамынып акмалайт. Улгайса да дале алгыр бүркүттөй сак Жаңыл эми да жаңылып-жазчудай эмес, натыйжада Атаке капыстан алдырып, колго түшөт. Дайынын иликтеп түшүнүшкөн соң, Жаңыл убагында Үчүкө, Түлкү, Атагозу, Чабакты жер каптырган аленгир жаасын тартуу кылат. Атаке өз кезегинде чоң атасы Түлкүдөн калган тумар – карышкырдын дөң бөрүсүнүн ашыгын эстелик катары Жаңылга берет.

«-- Хан Түлкүм кармаганбы?

-- Хан Түлкүңүз өзү омуруп, уулу Тынайдын бешигине таккан. Андан мага жетти.

Кетечиктин боосун чечип, ашыкты колуна алып искеген Жаңыл Мырза бир саамга тына түштү да, кескин өктөм сүйлөдү:

-- Кет, каралдым. Караңгыда кармалба, караан үз. Хан Түлкүмүн кадырына жетпей калганым – менин кайгым. Башым менен тең жатар кайгыны кайталап айтып кантейин. Эми тулпарымдын туягы бар деп сага каниет кылармын. Сыртыңан кабарың угуп, карааныңа жалынармын көргө башым киргиче. Мен сени, сен мени көргөн жоксуң. Омийин, аттан!» (113–114-б.).

Ошентип ойрот баскынчыларына каршы боштондук күрөшүнүн башатында эр Солтоной менен анын уландары турду. Кыргыз-казактын биргелешкен кошуунунун ойрот баскынчыларына каршы ири кагылышуусу 1729-жылы болуп өттү. Бул салгылашууда калмак тарабы төө үстүнө орнотулган чакан замбиректерди колдонду.

Ойроттордун замбиректеринин эсебин Солтоной Атакенин уландар кошуунун иңир талашта капыстан кол салдыруу менен тапты. Бул кагылыш ошол 1729-жылы жаз маалында болуп өткөн Аңыракай айкашынын адепки урушу болучу. Талас менен Аксыны калмактардан Атаке баштаган кыргыз кошууну бошотот.

Экинчи китеп «Атакенин Акболот» деп аталат. Мында окуя зайсаң Доржи-Доргулунун аскери менен кыргыздардын эр Солтоной жетектеген аскер кошуунунун ортосундагы салгылашты сүрөттөө менен башталат. Эки тараптын аскеринин саны дээрлик бирдей болгону менен, калмак тарабынын деми мурдагыдай эмес, сеси кайта түшкөн. Жеңилгени, аскерин таштай качкан Доржи-Доргулунун артынан Атаке баатыр жетип, калмактын кара алачыгына жашынган жеринен кармап өлтүрөт. Жаңы гана кунан курагына келген айтылуу Ноктокерди Атаке мына ушунда тартууга алат.

Доржинин кошууну менен болгон согушта оор жаракат алган башсардар Солтоной кыргыздын мыктыларын кашына чогултуп кеңеш курат. Солтоной өзүнүн ордуна башсардар кылып Атаке баатырды дайындоону сунуштайт. Сунуш баардык манаптар, бийлер, эл билгилери тарабынан колдоого алынып, Атаке жалпы кыргыз кошуунуна башсардар болуп дайындалат.

Ушунда Таанаке таркылдак окуясы эскерилет. Үчүкөнүн Маматкулунун уулу Болот бий буга чейинки тапкан балдарына ыраазы эмес. Санчы сынчынын кеңеши менен Чагалдак дегендин жесири Таанакени алып, андан экинчи уул болуп Эсенгул баатыр туулат. Ал эр жеткени Атаке баатыр менен эрегишип, чөлкөмгө далай чаң салганы белгилүү.

Септен-нойондун өлүмүнөн кийин ойрот кошуунун урушка Сайын-Белек баштап барды. Жыйынтыгында Окторкойдун октой түз жайлоосу жанталашкан жоңгорду оң таптырбай очорулткан, белин мертинткен чоң жеңиштин бешигине айланды» (237–238-б.).

Ушул кармаштын соңунда Атаке баатыр баягы өспүрүм кезинде өзүн кыйнап, эрдин чокмор менен жыра чаап, аз жерден өлтүрүп коё жаздаган калмак нойону Калыңкашты колго түшүрөт. Жансоогалап тизе бүккөн Калыңкашка колго түшкөн ойрот туткундарын «калмакча» санаттырат. Ал жан айласы үчүн калмак туткундарынын ар биринин бирден кулагын кесип, капка чогултууга аргасыз.

Башсардар Атаке баатырдын колу Чүйдү, Көлдү жат жоодон тегиз бошотуп, тууган жерге жеңиш менен кайтат.

Калмак жеңилип, тополоңу тоз болгону менен Ала-Тоо ичи тынчып калбады. Абылайдын «Жайыл кыргыны» 1770-жылы болуп өттү. Ташкенди кайрадан казак бийлигине караткан ал Чүй боорундагы кыргыздарды каптап өтүүгө беттенет. Солтонун Жайыл бийи кеңеш куруп, ага саруу менен бугудан, азык менен чериктен, өзүк менен карачородон уруу башчылары чогулуп, жалгыз Атаке баатыр чакырылбай, ага кабар кеч кетет.

Романда Жайыл кыргынына кошумча өз өмүрлөрүн өздөрү кыйган туткун кыргыз кыздары тууралуу «Аңыр каз жөнүндөгү аңыз» келтирилет.

Жоонун кабарын кечигип уккан Атаке тим жата албады. «Бирок, … болгону миң чамалаш жигит топтогон Атаке эки түмөн колду бууй алабы? Арга тартыш, амал кууш. Антсе да, бар тобокелге баш байлап, Акболотун курчанып, Жаңыл Мырзадан калган Алеңгир жаасын асынды…

…Капилет кирген жоону капталдан шылып, карчыттан бурдаган качырткы ыкмага салды. Ноктокердин туягы кетилбей, бирде Чүйдөн, бирде Көлдөн чыгат. Казак колунун артта калганы менен алдыга озгонун таарып, ийнине киргизип турду Атакенин Акболот!

Атакенин башына миң жылкы сайды Абылай. Ноктокерге дагы жарым миң жылкы сайды. Бирок, Атакенин калдайган карааны тургай, анын Ноктокери таштаган тезекти көрө албай зар болду каничер хан. Сары өзөн Чүйдөн көгөөндөп, Сары-Аркасына айдаткан туткундардын жоон тобун, үйүр-үйүр жылкыларды Атаке кайра куткарып кеткенин уккан казак ханынын түгү бетине чыгып каарданды» (340-б.).

…Тору-Айгыр тушта Атакенин айбат көрсөткөнү Абылайдын кандуу жоругун токтотпосо дагы, жоонун үшүн алды, мизин майтарды. Алаштын ураанын жамынган казак ханы Ысык-Көлдү тегеренбей, баштапкы оюнан баш тартып, ат тизгинин али бейпил жаткан Соң-Көлгө тиреди» (341–342-б.).

Колго түшкөн он жети кыз казактарга күң эсебиндеги олжо аял болгусу келбей, чачтарын бири-бирине байлаштырган бойдон Соң-Көлгө бойлорун таштап чөгүп өлүшөт. Ошентип алар казак баскынчыларынын көз алдында уламыштагы кызга окшоп аңыр каздарга айланып кетишкенсиди…

«Кайкы кылычын имере кармап, өткүр мизин алаканына бүлөй сынады Атаке. Ооба, Акболот табында эле! Абылай хандын он миң колун тик беттей качыра албаса дагы, Акболотун колунан жулдурган жок манап урпагы» (350-б.). Абылай хандын кыргыздарга жасаган бул чапкыны «Жайыл кыргыны» деген аталыш менен тарых барагына жазылып калды.

Романдын «Бакбазарда туулгам» бөлүмчөсүндө Атаке баатырдын Кокон ордосуна барганы тууралуу баяндалат. Атаке бийдин Кокон беги Нарботого сапары эки тараптан тең туюк сыр, түпөйүл суроо менен аяктады. Атаке ант ичишип, убада берген да жок, өз башына ашепке жүк алган да жок. Жүгүнбөдү, бүгүлбөдү. Теңи менен тең экенин гана баса таанытты. Башка жагдайлар унутулса да, Бакбазарда туулган Атаке бийдин, Атаке Башсардардын хансарайга, Кокон ордосуна ат ойнотуп кириши эл оозунда аңызга айланып калды.

Бул арада Үчүкөнүн уулу Маматкулдун небереси Эсенгул баатырдын атасы Болоттун ашынан бери жакын тууганы Атаке баатыр менен эрегишүүсү күчөп, «Ноктокерди берсин» дегенден жазбады. Агасына көөнө малын өткөрүп койгондой көгөрдү. Акыры аргасы кеткени Атаке баатыр «буудан сага да, мага да буюрбасын!» деп катуу чаалыктырган узак жолдон кийин Ноктокерди аса байлап суутуунун ордуна жүгөнүн, ээр токумун алып бош коё берүүнү буюрат. Жинигип, суусап араң турган Ноктокер биринчи жолуккан киргилт көлчүктөн кана ичип, көп өтпөй ичи көөп өлөт. Анткен менен жан бирге буудандын өлүмү Атаке баатыр үчүн да, аталаш иниси Эсенгул баатыр үчүн да оор тийди. Эсенгул баатыр өлөрүндө ат үчүн агасына жасаган өкүмзордугуна катуу өкүнүп, улуу-кичүүгө угуза мындай деген экен: «Ала-Тоону сактаса Атаке баатыр сактайт, элди бакса Атаке бий багат. Агайындар, агамды тезинен алдыргыла! Көзүм барда көрүп калайын» (403-б.).

Үчүнчү китеп «Элчилик» деп аталат. Мында окуя Атакенин бала кездеги курбусу Абдыракмандын кайтып келиши менен ачылат. Бир жагынан Кокон хандыгы, экинчи жагынан Цинь империясы кысып, эл-журтунун келечегинен кабатырланган Атаке баатыр 1785-жылы жалпы кыргызга курултай чакыртып, анын чечими негизинде катын пааша Катериндин атына ыйгарым кат даярдалып, Абдырахманды, ага кошуп жигит шери Шергазыны Россияга элчиликке жиберет. Омбуда айлап кармалып, узак жол басып, акыры элчилик Санкт-Петербургга келип жетет. Императрица Екатерина II кыргыз элчилигин 1786-жылдын 15-мартында өзүнүн Аксарайында кабыл алат. «…паашайымдын буйругу менен Атаке бийге 800 сом күмүш акча бөлүнүп, Абдыракман Кучак уулуна 100, Шергазы Орозбай уулуна 25 сом белек тапшырылды» (479-б.). Мындан сырткары Атаке бийге деп атайын алтын чынжырлуу саат ыйгарылат.

Романдагы окуя Атаке баатырдын кызы Айжанды Көлдүн манабы Белектин небереси Абайылданын уулу Эшкожого турмушка берүү менен жыйынтыкталат. Кадимки Балбай бааатыр ‒ мына ошол Эшкожо менен Айжандын тун уулу, Атаке баатырдын жээн небереси.

Эпилогдо Атакенин Акболотунун кийинки тагдыры тууралуу кыскача маалымат келтирилет. Ал төмөндөгүчө:

«Башсардар, Улукбий атанган Атакенин көзү өткөндөн кийин дагы анын Акболоту кыргыз тарыхынын асманында кеминде жүз жылдан ашуун жаркылдады. Атанын жолун улаган Карабек, Таштанбектин колуна тийди адеп. Андан кадимки Жантай, Ормон хандарга өтүп, уруунун эмес, улуттун сыймыгы Төрөгелди, Жаманкара, Калпак баатырлардын колунда серпилди.

Эл коргоду, жер коргоду Акболот. Сары өзөн Чүйдү кызыл канга чөмүлтүп, агайын-тууган арасына кыргын салган Кенесары, Норузбайдын өртүн басты Акболот акыретте. Оторчул орустун жылымык саясаты күч алган кезде гана Акболоттун дареги кумга сиңгендей дарексиз кетти» (523-б.).

Акырында айтарыбыз, акын Акбар Рыскуловдун «Атакенин Акболот» романы кыргыз тарыхый роман тегин бир канча тепкичке жогору көтөргөнү, кылымга калчу чыгарма жаратылганы айныксыз чындык.


Болот Оторбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер