Тергөө иштери улана берсе, мен купуялуулук мөөрүн алып салууну талап кылам

Урматтуу достор, менин мекендештерим!
Бүгүн түрмөдө отурганыма 40 күн болду. Дүйнөдөгү башка көчмөн элдер сыяктуу эле кыргыздар үчүн 40 күндүк мезгил терең мааниге жана мазмунга ээ. Бала төрөлгөндө ага кам көрүшөт, көз тийбесин деп эч кимге көрсөтүшпөйт, 40 күндөн кийин гана (кыркын чыгарып) бала өз элинин бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле адам бул дүйнө менен кош айтышканда, кыргыздар маркумду 40-күнү эскерүүнү уюштурушат. Маркумдун руху жер дүйнөсүн 40-күнү гана таштап кетет деп билишет. Мен да 40 күндүк жыйынтыгымды чыгардым.
2021-жылдын 25-январында эртең менен эшиктин коңгуроосу кагылды. Эшикти ачып жатып, коопсуздук комитеттин кызматкерлерин көрдүм. Көзүмө тик карабай, суракка чакыруу кагазын беришти. УКМКнын 5 кызматкеринин таң атпай келиши жана тез арада суракка чакырышы – менин ошол күнү үйгө кайтып келбей тургандыгымды билдирген. Ага чейин бир нече жума мурун бийликтин мени камакка алуу чечимин кабыл алгандыгы жана кылмыш ишин козгоого негиз табуу иштери жүрүп жаткандыгын билгем. Кыязы, мага карата негиз табуу иштери кечиктирилген окшойт. Тилекке каршы, ушул 40 күндүн ичинде мен дагы деле суралган жокмун жана менин катышуум менен эч бир тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн жок. Ошондой эле мага жубайым жана балдарым менен жолугушууга тыюу салынган. Бирок, жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы тарабынан айыптоолор даярдалып жаткан алты ишти жарыялашты. Ар бирине кыскача токтоло кетейин.
“Белизгейт” боюнча:
2016-жылдын ноябрь айында өлкө президенти мага Белизден алынган траст документтерин текшерүүнү тапшырды. Алар 2011-2012-жылдары айрым кызыкдар тараптар тарабынан “Мегакомдун” 100%, анын ичинде “Мегакомдун” улутташтырылбаган 51% үлүшүн сатуу аракети болгону көрсөтүлгөн. Үч күндөн кийин биз бул уюлдук компанияны 2011-2012-жылдары сатуу аракети болгонун тастыктоочу документтерди алдык. Ошол эле учурда соттордун чечими менен “Мегакомдун” активдери жана мүлкүнүн бир бөлүгү Максим Бакиевдин досу Сергей Сукалого өткөрүлүп берилген болчу! Ошентип, Белизден келген документтер фактылар менен тастыкталды. 2011-2012-жылдары алар “Мегакомдун” улутташтырылган акцияларынын 49% жана улутташтырылбаган 51% үлүштөрүн сатууга аракет кылышкан. Сатыктан түшкөн акчанын бир бөлүгү Сергей Сукалого, башкача айтканда, Максим Бакиевге кетмек. Албетте, жардам көрсөткөндөрдүн баардыгы тең куру кол калмак эмес. Бүгүн биз бул иш боюнча чындыкты далилдегенибиз үчүн “депутаттын аброюна шек келтирди” деген айып менен соттолуп жатам. Менин колумда “Мегакомдун” активдери Сергей Сукалого өтүшү, ушул адамдын буйругу менен камсыз болгонун тастыктоочу баардык документтер бар. Албетте, бул буйрук кокусунан же бекер болгон эмес. 2011-2012-жылдары “Мегакомду” сатуу аракети факт, бирок арыз ээси жаңы өкмөткө жакын болсо, анда сиз чындык үчүн ак жерден камалып кетишиңиз толук мүмкүн. Бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. “Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” деген сөз бекер эмес. Баса, бүгүнкү күндө Садыр Жапаров дагы 2011-2012-жылдардагы “Мегакомду” сатуу аракети туурасында “бул жөнүндө баары билишет” деп айтып жүрөт. Эгер Жапаров өзү айтып, муну тастыктап жатса, анда тергөө мага кандай айып тагып жатат?
Кой-Таш айылындагы бакча тилкелери, жайыттарды менчиктештирүү жана “Коррупция” беренеси боюнча:
Бул бакты менин атам 1961-жылы отургузган. Мен аны 15 жыл мурун – 2006-жылы жеке адамдардан (жер үлүштөрүнүн ээлери) атамды эскерип жүрүү максатында сатып алгам. Бакиевдин учурунда мен мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Бакчаны кандайча сатып алганыбыздын баардык документтери, фото-видеолору бар. Бирок, тергөө иштеринин негизинде, мен сатып алган бакчалар 2012-жылы талаптагыдай катталган эмес деп Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Чодобаеваны (жашы жете элек төрт баланын энеси, кичүүсү 2 жашта) айыптап, камакка алышты. Мен Жылдыз Чодобаева эмне үчүн УКМКнын СИЗОсунда камалып жаткандыгын жакшы түшүнөм, анткени алар аны СИЗО-1ге которобуз деп коркутушуп жатышат. Чодобаевадан “Коррупция” беренеси боюнча мага айып тагуу үчүн тергөө, мага каршы далилдерди алыш керек. Бирок бул түздөн-түз шантаж. Мен эч качан эч кимден мыйзамсыз нерсени сураган жана талап кылган эмесмин, айрыкча мен тааныбаган айыл өкмөттүн катчысынан.
Жайыт жерлери жөнүндө айтсам, бул жайыт жерлерин мен ижаралык негизде гана колдонуп келгем. Мен эч качан эч нерсени менчиктештирген эмесмин. 2003-жылы жалпы негизде (ал учурда мен мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин, Бакиевдин учуру болчу) 2,2 гектар жайыт жерин убактылуу пайдаланууга ижарага алгам. Айылдаштарымдын көпчүлүгү жайыттарды ижарага алышат, анткени негизги киреше айыл чарбасынан алынат. Тергөө менин иш-аракеттеримдеги коррупцияны эмнеден көрдү? Мен аны түшүнгөн жокмун.
Башкы прокуратура “прапорщик М.Жумагуловго мыйзамсыз батир бергендиги” боюнча ишти жарыялаган
Мен УКМКны жетектеген мезгилде УКМКнын кызматкерлери үчүн жүздөгөн кызматтык батирлер курулган (болжол менен 800 2-3 бөлмөлүү батирлер). Алардын көпчүлүгү УКМКнын өлкө бюджетине кайтарылып берилген каражаттарынын эсебинен курулган. Кайтарылган каражаттардын 25%ы гана УКМКга калып, калганы муктаж кызматкерлерге кызматтык турак жай курууга жумшалган. Кызматтык батирлерди бөлүштүрүү (алар менчиктештирилген эмес, бирок убактылуу жашоого берилген) Турак жай-тиричилик комиссиясы (ТТК) тарабынан чечилет. Кызматтык турак жайды берүү боюнча ар бир иштин артында ТТКнын коллегиялык чечими турат. Комиссияга менин катыштыгым жок, ТТКнын бир дагы мүчөсүнө убактылуу турак жай берүү боюнча көрсөтмө да берген эмесмин.
Ал эми Жумагулов боюнча айтсам, ал УКМКнын кызматкери болгон жана катардагы прапорщик болуп 12 жыл иштеген, үч кичинекей баласы бар. Буга чейин анын турак жайы жок болчу, эч кандай шарты жок, жаңы конуштардын биринде ижарага алынган батирде жашачу. Эң негизгиси, Жумагулов кызмат учурунда башка кызматкерлер сыяктуу эле турак жай алуу үчүн кезекте турган. Белгилей кетчү нерсе, ал бирөөнүн же менин тууганым эмес. Эгерде мындай кызматкерлер артыкчылыктуу тартипте кызматтык турак жай алууга укугу жок болсо, анда биз бул батирлерди ким үчүн курганбыз? Мен жаңыдан УКМКнын төрагасы болгон учурда турак жай кезегинде 400-500 кызматкер болчу. А биз 800 батир курдук. Эгерде бүгүнкү күндө ТТКнын чечимдерин кайра карап чыгууга негиз болсо, чечим кабыл алыңыз – Жумагуловдун кызматтык батири менчиктештирилген эмес же сатылган эмес, ал УКМКнын балансында.
Сыйлык куралы боюнча:
Башкы прокуратура мени “УКМКнын үч кызматкерине негизсиз энчилүү куралын берген” деп айыптоодо. УКМКнын төрагасы мыйзамга ылайык энчилүү куралды берүүгө жана сыйлоого укугу жок экендигин белгилей кетейин. Мындай укукка КР премьер-министри гана ээ. Бул сыйлык менен УКМКнын аталган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана премьер-министринин чечими менен сыйланышкан. Башкы прокуратуранын бул иши эле эмес, сөзүнүн өзү туура эмес. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларынын чечиминин негизинде гана УКМК кызматкерлерине өкмөттүк, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө сунушка кол коё алат. Куралдык сыйлоо жөнүндө чечимди өкмөт кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри кол коёт. Мен түшүнбөй турам, жогорку органдын чечими үчүн башкы прокуратура мени кантип жазалоого аракет кылып жатат?
Башкы прокуратуранын акыркы эки айыптоосу боюнча:
“Мыйзамсыз иш сапарларга байланыштуу” жана “жашыруун, купуялуу” деп жаткан иштерди мен бир иш катары карагым келет. Себеби, колдо болгон маалыматтарды талдап чыккандан кийин, Максим Бакиевдин 2008-2010-жылдары өлкөдөн чыгарып кеткен активдерин кайтарып келүү боюнча 2017-жылы жүргүзүлгөн УКМКнын иши жөнүндө сөз болуп жатат деп эсептейм. УКМК кызматкерлери Европанын айрым өлкөлөрүн кыдырып, расмий адамдар жана маалымат булактары менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Уурдалган активдер кайда жайгашкандыгын, алар жайгашкан финансылык мекемелердин аталыштарына чейин билгенбиз. Аларды Кыргыз Республикасынын бюджетине кайтарып берүү боюнча бир топ жумуштар жасалган. Тилекке каршы, менин билишимче, бул иш 2018-жылы токтотулган. Белгилей кетчү нерсе, кызматкерлердин иш сапарлары УКМКнын бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлгөн. Эгерде Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен каражаттарын өлкөнүн бюджетине кайтарып келүү иши кылмыш болуп саналса, анда менин буга кошумчалай турган эч сөзүм жок! Баса, тергөө иштери улана берсе, мен купуялуулук мөөрүн алып салууну талап кылам. Биздин элден жашыра турган эч нерсебиз жок.
Бүгүн мага “УКМКнын СИЗОсуна, СИЗОдо кармалышы керек” деген 2021-жылдын 24-февралындагы соттун чечимин алып келишти. Тилекке каршы, менин сотко видео аркылуу катышуумду суранган адвокаттардын өтүнүчтөрү четке кагылды. Сот процесси жөнүндө сот процесси аяктагандан кийин гана билип жатам. Эми мага каршы баардык сот процесстери болжол менен ушундай сценарийде болорун сезип турам. Эми айыптоолор биринен өтүп бири акылга сыйбас болот. Мындай соттордо, өзүмдүн жеке катышуумсуз мен чындыкка жете албайм. Демек, мен дагы деле өз чындыгымды дебаттагыдай карапайым элге ачык айтам. Элдин пикири мен үчүн ар кандай сот чечимдеринен маанилүү!
Эми бир аз лирикадан:
Мен башыма түшкөн сыноолор үчүн тагдырга ыраазымын! Ушул жолду татыктуу өткөнгө аракет кылам. Жасаган иштерим үчүн өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Элдин алдында жүзүм жарык. Ооба, бийлик адамдын эркиндигинен ажыратышы мүмкүн, бирок, адамдагы эркиндикти жок кыла албайт. Ооба, түрмөдө жатам, бирок өз оюмда эркинмин. Муну сактоо биз үчүн абдан маанилүү! Мен УКМК СИЗОсунда туруп, мекендештеримден колдоо алып жатканыма абдан ыраазымын! Демек, мен жалгыз эмесмин. Ал эми кызымдын “эгерде бүт дүйнө сенден баш тартса да, мен сенин жаныңда болом!” деген сөзү ушунчалык кубаныч менен бакыт, күч-кубат берет. Бул үчүн мен жашаганга жана күрөшкөнгө даярмын!
Баардыгыңыздарга жылуу мамилеңер жана камкордугуңар үчүн, мага, өз өлкөңөргө болгон ишенимиңер жана колдооңор үчүн рахмат!
Урматтоо менен,
Абдил Сегизбаев,
УКМК, СИЗО, 5-март 2021-жыл
"Азия Ньюс" гезити