Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте коронавирус күч алууда. Дагы 139 адам...

Бишкекте коронавирус күч алууда. Дагы 139 адам...

05-апрель, 11:57
276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталды. Анын дээрлик көбү, 123ү Бишкек шаарында.

Бишкекте COVID-19дан бир адам каза болду. Жалпысынан бул оору 1507 адамдын өмүрүн кыйды.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 89 миң 153 адам жуктуруп алды. Анын 85 миңден ашыгы сакайып чыкты. Ооруканада 648 адам бул илдет менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер