Генарал Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча ак сөзүн айтса...
Кой-Таш окуясына төрт жыл болсо да, сот процесстери бүтпөй, Чубактын чуусундай созулуп келатат. Соке менен Атамбаевдин жеке тирешүүсүнөн канчалаган адамдар жабыркашты? Андагы бийлик өкүмзордукка салып, күчкө таянганын жашырбайлы. Көптөгөн карапайым адамдар жабыркашты, бир офицер каза таап, милициянын чолпондой жылдызы Самат Курманкулов оор жаракат алып, азыркыга чейин дарыланууда. Мына ушундай жоготууларга Соке башында турган чиновниктер күнөөлүү экенин мезгил дагы далилдей баштады. Азырынча Кой-Таш соту качан уланары белгисиз.
Эске салсак, дал ушул коогалаңды кан төгүүгө жеткизбей, кырдаалды колго алган андагы ИИМдин орун басары Курсан Асановдун эмгегин өзгөчө бааласак жарашат. Алмазбек Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен үйүнөн алып чыгып, дипломаттык, көрөгөчтүк кадам жасаган. Тескерисинче, генералды кийин каралоого алышып, бирок убакыттын өтүшүнө карай баары “сынды”. Натыйжада, Курсан Асановдун эл астында жүзү жарык. Ал Кой-Таш окуясы боюнча айыпталышкан Равшан Джеенбеков, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова сыяктуу бир катар саясатчыларга, активисттерге актоо сөзүн айтып, эч кандай күнөөлөрү жок экенин баса белгилейби? Ооба, ошентет экен. Биздин угушубузга караганда, каарманыбыз чындыкты айтса, Атамбаевдин тарапташтарынын акталуусуна жол чабылат. Акыры акыйкат жеңет! Соке чилдей тараган командасы менен соттолот, акыр түбү...
"Азия Ньюс" гезити