Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Классташтар, кайдасыңар алтындар?..

Классташтар, кайдасыңар алтындар?..

05-август, 21:32
952 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убакыт учкан куш белем, сааттын жебеси жылган сайын күндөр алмашып, улам жаңы турмуш, кызык жашоо, аракеттер, түркүн тирлик адам баласын нукка салат тура.

“Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт” деп кыргыз эли байыртан айткан. Улууларга, сүйүктүү агай-эжейлерге суктанган балалык кыялдар тээ артта калып, алтургай мектеп уясынан учканыбызга кырк беш жыл өтүп кетиптир. Ооба, кырк беш жыл... Белгилүү акын Акбар Рыскуловдун да “Кырк беш” деген ыры бар. Санды чечмелөө илиминде ал тогуз санын түшүндүрөт. Баарыбыздын эң кымбат энелерибиз тогуз ай көтөргөнүн эле эстесек жетиштүү болор. 

“Классташтар, жолугалы, окуучулук күндөрдү эстеп кеп куралы” деген демилгени беш баланын энеси Гүлжамал Москвада жатып баштады. Нургүл Тоңдон, Эсенкан Нарындан, Жылдыз Россиядан, Гүлгаакы Бишкектен коштоду... Айылдан Канимет, Алмаз, Беки, Бапы, Керээз, Кулубек, шаардан Жанар, Тынар, Роза, Боке, Темир жана башкаларыбыз демилгени жандандырдык. Баары тике турушуп, кеңеш курушуп, көрүлдү көп камылга, башка иштерди унутулуп..

Касиеттүү Көл өрөөнүндөгү ал мектеп жөнүндө сөз кылуунун алдында “аккан арыктан суу агат” дегендей, бизге чейинки бүтүрүүчүлөр, урматтуу агай-эжейлерибиз тууралуу эскерүү парзыбыз бар. Кыргыз Алиппесин негиздөөчүлөрдүн бири Ишенаалы Арабаев 1918-1920-жылдары Кара-Суу менен Туура-Суу айылдарынын ортосундагы биринчи мектебибизде иштеген. Алгачкы мектеп Курмани атында болгон. Ал менин алтынчы атам. Андан соң Сталин, кийинчерээк Коммунизм, эгемен жылдарында Болот Мамбетов ысымын алып жүрөт. Биринчи мектепти бала чакта көрүп калдык. “Жазганга кагаз табылбай, сыяны бөрү карагаттан эзчүбүз” деп кийинки Кара-Жал айылында Молдогазы Таранчиев салдырган мектептин дубалын, чатырын Совет министри Болот Мамбетовго түз кирип жаңырткан Сапа Асаналиев атабыздын айтканын өз кулагым менен эшиткем.

Турмуш жакшырып, мекенибизде көп кабаттуу мектептер салына баштабадыбы. Айылдагы азыркы үч кабаттуу мектепти Орто Азия жана Казакстан боюнча эң биринчи “СССРдин эл мугалими” болгон Жамангул Үтүров агайыбыз салдырган. Ондон ашык илимий даражалууларды, ар кыл таланттууларды, жетекчилерди чыгарган Ж.Үтүровдун ысымы мектепке берилбей келүүдө. Бул жөнүндө өзүнчө да сөз болоор... Совет министри Болот Мамбетов, Социалисттик Эмгектин Баатыры, врач Үмүткөр Ырысмамбетова, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов, белгилүү искусствовед Балбай Алагушов, эки жолку Ленин орденинин кавалери Мина Кылжыров жана башка көп кесиптерди мыкты өздөштүрүп, жети дубанда, борбордо, чет жерде илимий, маданий мекемелерде эмгектенишкен бүтүрүүчүлөр менен сыймыктана алабыз. 

Классташтар биз дагы салым кошо алдык. Эсиңиздедир, окурманым, чарбанын өнөктүк иштери бүтүндөй мекенибиз боюнча окуучулардын салымы менен бүткөрүлчү. Мен сегиз жашымда өндүрүштүк бригадага бардым. Салима, Шайгүл, Венера, Малик он жашынан барышты. Алмаз, Рафик, Беки алдыңкы кыркынчылар болуп калышты, бүгүн да кой кыркышат. Алыбек, Кадырбек ата-энеси менен мал багышты. Буудайчы алтынчы классында эле кээде сабакка келбей, сокочу Ракым, Кошой, Аман агаларын ээрчип жер айдаса, Асангул балык уулачу. Ашуу, Көбөгөн агайлар жетектеген окуучулардын өндүрүштүк бригадасынын жарымы биздин классташтар эле. Мен төртүнчү классымда Жумабек атам менен суу сугардым. Тынччылык экөөбүз тогузунчу классыбызда “райондун алдыңкы сугатчылары” аталдык. Жакшы иштеп, Фрунзе, Алма-Ата, Ташкент шаарларына экскурсияга барчубуз.

 1979-жылы Тоң райондук №11 кесипчилик окуу жайынын Коммунизм орто мектебинде филиалы ачылып, отуз эки окуучу мектеп менен коштошо албай, он бир жыл окудук. Онду бүтүп Шайгүл, Венера, Жылдыз, Талгар, Сынбат, М.Алмаз, Роза, Тынар, Таалайбектер жогорку окуу жайларына өтүп кетишти. Балдар армияга кеттик. “Окуп билим албаса, же армияга барбаса, ал бала илип койгон калбаса” деп Ысмайыл Борончиев айткандай, Буудайчы, Керээз айылда калышты, чарбага салым кошуп, эртерээк турмуш курушту. “Алган колуктуңарды чогултсак эки табак болмок” деп Рафик, Карыпбек классташыбызды тамашалап калабыз. “Жакшы кыз айылынан алыс кетпейт” демекчи, Майрамкүл, Айгүл сакмалдан ары эле күйөөгө кетишти. Эсенай, Сыртбек мыкты аяштар.

“А” класстын кыздары сабакты жакшы окушчу, топту да мыкты ойноп, райондук, облустук мелдештерге катышышчу. “Б” классынан Жанара, Тынара кошулчу. “В” классынан да врач, юрист, журналист, мугалим, финансист, фермерлер чыгышты. Асанбек агай физика сабагын турмуш чындыгына байланыштырып өтсө, Ишенгүл эжейибиз биология, киши сабагында кызыктуу главаларды окутпай аттатып кетчү, аны Сынбат экөөбүз эле байкачубуз. Зарлык, Бексултан, Дүйшөн, Опузбек, Жапар, Бейше агайларыбыз, Табыш, Гүлай, Бермет эжейлерибиз математика география, кыргыз тили, адабияты, тарых, химия сабактарын жакшы окутушкан. Чуркатып, көнүгүүлөрдү жасатып, баскетбол тобу менен жыга урган Азыркул агайыбыз жакында эле дүйнө салды. Кыргыз тилчи Айткүл, орус тилчи Роза, Галя, Зоя эжейлерибиз, Шамил агайыбыз ардактуу эс алууда. Өспүрүмдөрдүн аракетине жараша шыгын ойготкон биринчи мугалим, “А”, “Б” классынын жетекчилери Кенже, Тунум эжейлер эле... “В” классынын жетекчибиз Асылкан эжейибиз небере-чөбөрө сыйын көрүүдө. Физика, музыка мугалимдери, завуч, директордун орун басарлары болушкан, нечен отуруштарыбызга келишип, “дөңкөйлөрүбүздү” кармашкан Ашуу, Аскар агайларыбыз демдүү, күчтүү.

Курбулардын жыйырмасы арабызда жок... Балдары аман болушсун. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, уул-келиндери, жубайы Света, Күлүйпа аяш апабыз, коңшулары, классташ жубайлар Малик, Гүлнара, Гүлжамалдын уул-келиндери менен биргеликте классташтарды тоскону жаткан Каниметке алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Жыйынтыктап айтканда, жылдар, айлар өтсө дагы, алтындай классташтарым, бар болгулачы! Мекенге, элге-журтка кызмат өтөдүк, эми балдардын сыйын көрөлүчү.


Кубатбек Осмонов, Журналисттер союзунун мүчөсү  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер