“Өз агасын агалай албаган өңгөнү сагалайт” деген биз болуп жатабыз
Өзүбүздөгү кесипкөй адистерден баш тартып, эки эсе кымбат операцияга барган кыргыздар бар. Мындай көрүнүштүн күйүтүн төкмө акын Аалы Туткучев баракчасына пост кылып жазып чыгарды.
“Бирөөгө өтө оор операция жасоо керек болуп, Сабыр Жумабековго кайрылышат. Операция оор болгондуктан, ал колдонуучу каражаттары 3000 доллар турарын, алып беришсе бекер жасап берерин айтат. Бейтаптын туугандары кыргыз медицинасынан шекшип, “Алматыда 6000 долларга эң мыкты жасайт экен, сапаты жакшы үчүн акчасы кымбат го” дешип Алматыдан жасатышат. Операция ийгиликтүү бүткөнүн угуп, ыраазы болгон туугандары беткапчан чыгып келаткан врачты коридордон тосуп, ырахмат айтышат. Врач кичипейилдик менен ийилип, беткабын чечсе Сабыр Жумабеков экен.
Башка өлкөлөрдүн суранып чакыруусу менен барып операция жасап, лекция окуп турарын билебиз. Көрсө, биз баркын билбей жаткан бул адам атанын гана уулу эмес Азиянын, эненин гана уулу эмес Европанын уулу болуптур да.
Басмайылдын кысканын,
Ээси билбейт, ат билет.
Эр жигиттин кадырын,
Эли билбейт, жат билет, - деген ушул го. Кошунанын коло шакегине кызыкпай, колубуздагы алтынды баалай билели!
Байкенин наамдарын жазсам өтө көп экен, узун текстти жаштар окубай коёт деп жазган жокмун» деп кыскача өкүтүн айткан.