“Өкмөт 2 пайыздык өсүш менен мактана алчу абалда эмес”


-- Соңку сегиз айда өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллиондон ашканын Адылбек Касымалиев сүйүнчүлөп отурат. Ошол эле кезде кымбатчылык кара тумоодой каптап, карапайым калкты каржалтууда. Өкмөт каатчылыкка каршы реалдуу иштөөнүн үлгүсүн качан көрсөтөт?

Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- ИДП бизде эле эмес жалпы Борбор Азияда өсүп жатат. Ага объективдүү себептер бар. Өкмөт берген маалыматка ылайык быйылкы 8 айдагы ИДП 11 пайызга өсүптүр. Негизги локомотив курулуш тармагы экен. Бирок, кайра иштетүү, өнөр жай тармагындагы өндүрүш алдыда эмес. Ошол эле учурда айрым маалыматтар боюнча инфляция 8-9 пайыз чегинде. Демек, ИДПны инфляция “жеп” коюп жатат. ИДП менен инфляциянын катышын эсептей келсек, реалдуу өсүш 2 пайыздын тегерегинде эле болот. Демек, өкмөт 2 пайыздык өсүш менен мактана алчу абалда эмес.

Эмир Сарпашов, ишкер:
-- Менин оюмча, кымбатчылыктын капташына бир нече себептер бар. Биринчиден, азыркы кезде дүйнөлүк валюталардын девальвация (инфляция) болушу, биржаларда алтындын баасынын тынбай көтөрүлүшү дагы кымбатчылыкка себеп болуп жаткандай. Экинчиден, биздин өкмөттүн бюджети дүң продукциянын болжол менен 35 пайызын түзсө, анын көпчүлүгү алып сатуунун негизинде бюджетке түшөт. Менимче, өлкөбүздө экспорт багытындагы продукциялардын өсүшү азайгандай. Үчүнчүдөн, өкмөтүбүз социалдык көйгөйлөргө көңүл бурбай жаткандай сезилет. Анан дагы эң негизги кымбатчылыктын себеби, мамлекеттин ички карызынын көбөйүшү.
"Азия Ньюс" гезити











