Губернатор Канат Жумагазиевдин ишмердиги – күлүк аргымактын жүрүшүндөй


Убагында Чүй облусуна караштуу гектарлаган жерлерди басып алышкандар документтерин бүтүрө албай келишкен. Мыйзамсыз, өзүм билемдиктин айынан алган участокторго көп жылдан бери кызыл китептери берилбей келген эле. Аргасыздык. Акыры тоңгон муз жарылып, Канат Жумагазиев Сары Өзөндү башкаргандан бери иш ордунан жылды. Эки айдан бери карапайым элге кызыл китептер берилүүдө. Бул жагынан жумуш дагы уланарына көзүбүз жетип калды.
Мындан сырткары, Чүй облустук администрациясына караштуу көпчүлүк жетекчилердин шалаакылык жүрүм-турумдары, өз милдеттерине кайдыгер мамилелери оңолууда. Жоопкерчиликтен качкан, илең-салаң жүргөн кызматкерлер тартипке келишкени, жандуу эмгектене башташканы ырас. Ток этери, Канат Жумагазиев Чүй облусундагы аткаминерлерди тартипке келтирип, ырааттуу башкарууга алганы кубандырат.
Эске салсак, каарманыбыз милициядан телчигип, оперликтен жогору карай баардык тепкичтерди басып өткөн. Аламүдүн, Биринчи Май РИИБлерин жетектеп, ИИМдин 10-башкы башкармалыгында начальник, жол кыймылын көзөмөлдөө кызматын да башкарып, андан сырткары Бишкек шаарынын жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын башкы милициясы катары үзүрлүү эмгектенген эле. ИИМдеги жетекчилердин бири да мынчалык карьералык баскычтарды багынта алышкан эмес. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, Канат Жумагазиевге акыркы жылдары милициянын ичинен көралбастыктар жарала баштаганын эшиткенбиз. Көрүнбөгөн, байкалбаган кысымдардын тору жайылганычы? Ошентип, ал Нарын ОИИБни тескеп туруп, күтүүсүздөн Чүй облусуна губернатор болуп кеткени оңдой берди болуптур. Муну ийгиликтүү секирик катары мүнөздөйлү.
Учурдагы калыс кептен алсак, Канат Жумагазиев жети облустун ичиндеги кесиптештеринен алдыга озуп, элге кызмат көрсөтүүнүн жогорку үлгүсүн жаратууда. Суу көйгөйүн акырындык менен чечип, бүгүнкү күндө бул жагынан маселе азайып калды. Кудай буюрса, эмдиги жылы жаздан тарта жакшы натыйжасын көрсөтөрүнө ишене бергиле.
Ал эми инвестиция тартуу, эл аралык уюмдар менен кызматташуу келечекке карай планданып жатканын угуп атабыз. Кыскасы, Сары Өзөндү өнүктүрүүнү Канат Жумагазиев толук кандуу колго алды. Бери жагы эки жыл тер төгө иштесе эле эмгегинин акыбети кайтып, карапайым калктын жашоосу оңоло баштаганын байкайбыз. Аныгында, кыкеңдердин чоңдору кызганчаак келчү эле, ичтерин тарытпай турушса эле полковник-губернатор катырат эмеспи. Ооба, Канат Жумагазиевдин чоң потенциалы, профессионалдык ишмердиги күчтүү. Чыныгы аргымак камчы салдырбайт эмеспи, дайыма алдыда. Бул өңүттөгү салыштыруу төп келишип тургандай...










