Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Курсан Асанов ак адам, кылмыш иштерине тийешеси жок

Генерал Курсан Асанов ак адам, кылмыш иштерине тийешеси жок

27-август, 17:37
1 655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздүн эгемендүүлүк алганына жакында 30 жыл толот. Бул күндү күтүп жаткандардын арасында ар кандай себептер менен кылмыш иши козголуп, учурда түрмөдө отургандар арбын. Алардын арасында кылмыш иштеринде саясый боёгу себилгендер да бар. Так ушулар, алардын жакындары, санаалаштары  эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын жана ага карата жарыяланчу президенттин амнистиясын абдан күтүп жатышат (!) деп ойлойм. Элдин көңүлүндөгү суроо: амнистия болобу же болбойбу? Болсо кимге берилет? 

Менин баамымда, 30 жыл – мамлекет кандай жетишкендиктерди багындырганын анализдөө үчүн жетиштүү убакыт. Мен анын бир жагын талдап көрөйүн: бүгүнкү күндө саясый майданда кандай кырдаал орноду? Учурда 5-президент башкарган 5-мамлекетте жашап жатабыз. 5-республиканын президенти башка президенттерден айырмаланып, элдин толкуну менен келди. Чынында, учурдагы президентке көрсөтүлгөн колдоо, эмоция башка президенттердин бийликке келишин коштогон жок. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун ар бир кадамы элдин көзөмөлүндө болуп, ар бир аракетине баа берилиши керек. Бул менин көз карашымда, Садыр Жапаровду башка президенттерден айырмалап турган өзгөчөлүк. 

Өнүккөн демократиялык мамлекеттерде саясаттын каада-салттары спорттукундай болуп калган күрөштөн кийинки жеке мамиле сыңарындай бузулбай жүрө берет. Бири-бирине кек сакташпай, мамлекет, эл үчүн карама-каршылык уланат эмеспи. Жаңы бешинчи республикабыз саясый маданиятыбызды дагы бир тепкичке көтөргөнгө абал түздү. 

Бийликтин саясый оппонентинин баары эгемендүүлүктү алган күндү күтүп жатышат. Ошол учурдан пайдаланып, президент кылмыш ишинде саясый боёк аралашкандын баарына “акталуу” берсе, эл абдан ыраазы болот эле. Бүт эл көрүп турат: учурда кылмыш иши козголгон, абакта отурган жана соту болуп, кесилип келгендердин (саясый негизи барлар) арасында Садыр Жапаровдун камалышына, кийин анын абактан чыкпай калышына салым кошкондор бар. Алар кимдер гана эмес, президенттерден баштап катардагы тергөөчү, сотторго, саясатчыларга чейин. Эл азыр президенттин мүнөзүн билип калды, кандай маселе болбосун, бир умтулуу менен чекит коюп, чечип коё турган жайы бар экен. Буга Кумтөр далил. Бир аракет менен канадалыктардан алып, эл пайдасына иштетип койду. Арты кандай болорун билбейбиз, бирок алып койгону факт. Так ушундай чечкиндүүлүгүн саясый оппоненттерине карата да пайдаланып, баарына амнистия берип койсо, эл ыраазы болуп калмак. Мисалы, Курсан Асанов Кой-Таш окуясынын ырбап кетпей, токтоп калганына чоң роль ойноду. Жоопкерчиликти өз мойнуна алып, ошол кездеги эң туура чечимге барып, экс-президент Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен алып чыгып, көптөгөн кан төгүүлөрдүн жана оор кесепеттердин алдын алганын убакыт көрсөттү. Бул чыныгы эр жигиттин, чыныгы офицердин милдети болчу. 

Эгер ал ошондой чечкиндүүлүккө барбаганда, Кой-Таш окуясынын тереңдеши кандай кесепеттерге алып келет эле, аны билбейбиз. Мындан улам, эл арасында Курсан Асановго “Кой-Таш арстаны” деген лакап ат берилди. Октябрь революциясында ошол кезде чечим чыгара турган адамдардын уруксаты менен ИИМ башчылыгынын милдетин алып, талап-тоноо, атышуу аракеттерин токтотту. Анын натыйжасында, бир да адам өлүмү орун албады. Шаар талкаланбай, оор кырдаалдан эсен-соо өтүп алдык. Абал тынчыгандан кийин министрлик ордун өз каалоосу менен өткөрүп берди. Ушундай эле ишбилгилиги Ош окуясында да билинген. Кыргыздын башына түшкөн кыйын учурда эки тизгин, бир чылбырды колуна алып, жогору жактагыларга баш ийбей, өз туюмуна, чечимине таянып, көп аракеттерди жасаган жана анын жыйынтыгында, коогалаңды токтоткон. Ал болбогондо адам өлүмү дагы канчага көбөйөт эле, ким билет?... “Аскер мезгилинин мыйзамы” деген бар, өлкө тынчтыгы, жарандардын коопсуздугу ар кандай формалдуу документтерден бийик болуп турган чакта, чечкиндүү аракеттерге барууга башын байлай алган так ушундай аскер адамдары керек. 

Генерал Курсан Асанов эч кандай кылмыш иштерине тийешеси жок, ак адам. Убагында өз иш-аракетинин натыйжасында кан төгүүгө бөгөт койду. Ыңгайга жараша иш алып барып, тажрыйбалуулугун элге даана көрсөттү. 

Ушундай кырдаалдарды анализдеп көргөндөн кийин Курсан Асановдун   ишиндеги актыгы, кыргыз эли үчүн жасай турган эмгектери да, эрдиктери да так,  даана көрүнүп турат. Балким, Садыр Жапаров “мен чечпейм, сот чечет” деши мүмкүн, бирок буга ким ишенет? Президенттин колунда бийлиги, Конституция бар,   Македонский кылыч менен маселелерди чечкендей, Садыр Жапаров колунда турган ыйгарым укуктарын пайдалануу менен өткөнгө чекит коюп, өлкөнү жаңы жашоого буруп кетсе болот. Кээ бирлер “камактан чыккан саясатчылар кайра эле оппозиция болот” деп жактырбашы мүмкүн. Алардын кайра кайсы жолду тандашы өзүнчө маселе, а айткандарын, чакырыктарын эл угабы, кабыл алабы – ушул башкы маселе. Негизи, өлкөдө сөзсүз оппозиция болушу керек. Аны токтотууга, жоюуга аракет жасоого болбойт. Садыр Жапаров өзү да бир кездерде оппозицияда жүргөн. Ошондуктан, тең салмактуулук болуп, мамлекеттин алдыга карай жылышына оппозициянын ролу канчалык экенин жакшы билет жана ага каршы чыкпаса керек. Оппозиция да конструктивдүү болушу зарыл. 

Мына ушуларды эске алуу менен 31-августта Садыр Жапаровдон Манас атабыздай айкөлдүктү күтөбүз! Кеткенди кечиришүү, өткөндү өчүрүшүү менен Кыргызстан жаңы доордун эшигин ачат болчу. 

Садыр Жапаров интернетке тараган монологунда ишеничти баса белгилегенин биз да белгилей кетели: “Биз ишеничтен куралабыз, биз ишеничтен уланабыз. Кандай болгон күндө да ишеничти актоо, ишеничти сактоо – ыйык парз. Мекенди көз карегиндей сактап, пейилибиз ак бойдон баруу – улуу милдет. Ата журтум Кыргызстаным, кандай болгондо да сенин ишеничиң мен үчүн өмүрдөн да бийик турат!”

А бүгүн саясый негизде камакка алынгандардын, алардын жакындарынын, элдин ишеними президент Садыр Жапаровго байланып турат.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер