Сенин бул дүйнөдөн өтүп кетишиңе мен күнөөлүүмүн, өзүмдү кечире албай келем...
Ооба, түшүмө бүгүн дагы кирдиң. Бул жолу мага таарындың. Мен сага көптөн бери бара албай жүрөм. Сенин бул дүйнөдөн өтүп кетишиңе мен күнөөлүүмүн. Жарык дүйнөгө келбей чарчап калган наристемдин алдында дагы күнөөм тоодой. Дайыма түшүмдө ак жуурканга оролгон наристемди кучактап, мээримиңди төгүп отурган болосуң. Мени көрөр менен өңүң бузулат. Кечир мени кымбатым, кечир мени наристем. Силерге кетип калгым келет. Бирок мени бул дүйнөдө кармаган дагы бир наристем бар. Анын тагдырын ойлоп, аяп кетем…
Сен экөөбүз кафеден таанышканбыз. Анда сен да, мен да студент болуп, кошумча акча таап алуунун айынан бирге иштегенбиз. Ачка-ток калып, кээде жөө жалаңдап жатаканага чейин бир чакырым жолду басат элек. Сен эч качан кабагыңды бүркөп, кыйналганыңды айткан эмессиң, сенин күлкүң дале кулагымда жаңырып турат. Мени көп жолу колдоп келдиң. Эки жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин “үйлөнөбүз” деп жашыруун жашап алдык. Алгачкы күндөрү кыйналдык, бирок сыр берген жоксуң. Акыркы жолу болбогон нерсеге уруша кетип, мен Казакстанга кетип калдым. Сени унутуу үчүн кеттим. Ал жактан тез эле жумуш таап, кыз жандаганга да жетиштим...
Бирок сен түшүмдөн кетпей койдуң. Күндө түшүмдө ыйлап жаттың, айласыздан кассадан акча алганыңды айттың. Муңканып. “Наристени кыйнабай алып кет?” деп жалоорудуң. Бул түштү мен башкача түшүнүп, “сүйүктүүмдүн боюнда бар болсо керек” деп ага баш коштум. Көрсө, мен жаңылыптырмын. Колуктумдун балага мээрими жок, өзүн гана ойлогон кара өзгөй болуп чыкты. Бирок баары кеч болуп калган эле, кыздуу болгонбуз. Ошондой күндөрдүн биринде шаарга келип, жатаканалаш курбуңа жолугуп калдым. Ошондо мен билбеген сенин тагдырыңды айтты. “Никесиз төрөбөй атасын тап!” деп бир туугандарың сени кууп чыгып, барар жериң жок кыйналыптырсың. Алты айдан ашканда иштеп жаткан кафеден “акча уурдады” деп жалган жалаа менен абакка киргизип койгон экен. Ал жерден боюңдан козголуп, кан кетип каза болуп калган экенсиң...
А мен болсо сени унутуунун аракети кылбадым беле? Кечир мени, азыр мен кызымды таштап кете албай, бул жашоодо жашап келем. Эгерде мен бир нерсе болсом, аялым кызымды тирүүлөй майып кылат же өлтүрөт. Аны аяп келем. Бирок сен түшүмдөн кетпейсиң. Мен сени сүйүп туруп тагдырыңа балта чаап, өлүмүңө себепкер болдум…
Нурбай