Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Татыктуу депутаттарды шайлаганда, Кемпир-Абад берилбейт болчу”

Төлөгөн Келдибаев, серепчи: “Татыктуу депутаттарды шайлаганда, Кемпир-Абад берилбейт болчу”

26-март, 09:00
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жогорку Кеңешке Ош, Кара-Суу, Баткен округдарынан кайра шайлоо өткөнү турат. Шайлоо калыс өтөбү, же адаттагыдай эле акчанын жана бийликтин күчүнө салынып, "өз адамдар" мандат алышабы?

-- Бул шайлоо акыркы жылдары өткөрүлгөн шайлоолорго салыштырмалуу адилеттүү, акчасыз өтөт деп үмүт кылып жатам. Шайлоону адилеттүү, калыс өткөрүү президенттин, өкмөттүн, БШКнын аракетинен сырткары, ар бир жарандын да колундагы иш. Ошол жоопкерчиликти баарыбыз сезишибиз керек.

Эл татыктууларды тандабаган үчүн бийлик кандай сунуш менен парламентке келсе, ылгабай колдоп отура берген депутаттар шайланды да. Маселен, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине макул болгон депутаттарды бийлик эмес, эл шайлаган да. Эл миң сомун албай, татыктуу депутаттарды шайлаганда, Кемпирбад берилбейт болчу. Азыркы жана мурдагы эл өкүлдөрү Кыргыз мамлекетине өтө чоң чыккынчылык кылышты. Үзөңгү-Кушту Кытайга, Каркыра жайлоосун Казакстанга берип, Кыргызгаз мамлекеттик стратегиялык маанидеги ишканасын Россияга 1 долларга сатып, Кемпир-Абадды 4400 гектар пайдалуу жери менен Өзбекстанга беришти. Мунун баарына коррупционерлер жана бандит депутаттар күнөөлүү


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер