Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов, эксперт: “Айыл чарба министри өзүн Путин сезип алды”

Бакыт Мамытканов, эксперт: “Айыл чарба министри өзүн Путин сезип алды”

15-февраль, 10:46
383 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитети акыркы жылдары Кыргызстандын айыл чарба сектору туруктуу оң динамикага жете албай жатканын маалымдап чыкты. Экономиканын артыкчылыктуу тармагынын начарлашынын негизги себептери эмнеде? Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча айыл чарбасынын үлүшү өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү (ИДӨ) көлөмү 2014-жылы 14%ды түзсө, 2018-жылы 11%га түшүп калган. Мынчалык төмөндөп кетишинин себебин эмнеден көрөсүңөр? Бул суроолор менен айыл чарба боюнча эксперт Бакыт Мамытканов менен маектештик.

-- Бакыт мырза, улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча айыл чарбанын өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Себеби эмнеде?

-- Айыл чарба министрлигинин үгүттөгөн жолдору аз болуп жатат. Мисалы, “ушуну көтөрөлү” деп фермерлер, дыйкандар менен иштөө жокко эсе болууда. Министрлик өндүрүүнүн жолдорун көбөйтүү боюнча фонддор, банктар аркылуу арзандатылган пайыздар менен кредиттерди ассоциацияларга алып берип турушу керек болчу. Жылына 60 миң тонна тоок этин сатып алууга квота берип жатабыз. Ошол этти өзүбүз өндүрсөк болбойбу? Аны өндүрүш үчүн фонд, банк жетекчилерин, тоок баккан фермерлердин баштарын бириктирип, чогуу иш алып баруу керек. Мисалы, тоок баккан адамды арзан пайыздагы кредит үчүн банктагылар жакын жолотпойт. Ошон үчүн ассоциацияларды чакырып, кооперативдерге кошуп, анан алар жалпы чогулуп келип алышса оңой жолго коюлмак. Бул иштерди айыл чарба министрлиги аткарышы керек. Министр болсо айыл чарбаны түшүнбөгөн адам, жумуштун көзүн билбейт. Эмне кыларына акылы жетпей турат. Иштеп жаткан адамдарды иштен кетирип, өзүн Путин сезип алды.  Мындай акыбал улана берсе, айыл чарба өнүмү жылдан-жылга төмөндөй берет. Бул сфераны кайсы жакка тартуу керек, кайсы жакка түртүү керек? Стратегиялык көз караш жок.  

-- Мисалы, акыркы жайылган коронавирус дартынан кийин тоок этин Кытайдан алуу кооптуу болуп калды го?

-- Бизге өтө керектүү нерселерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Жакында Жогорку Кеңештеги жыйында министр Чодуев “биз Украинага 170 тонна картошка саттык” деп отчет берди. Он гектарга эгилген картошканы айтып жатат. Ал жумуш деле эмес да. Сатып алып жаткан нерселердин өлчөмүн өзүбүз чыгарышыбыз керек. 60 миң тонна тоок абдан чоң өлчөм. 10-12 млрд. сомго тоок сатып алып жатабыз. Мен “тоок өндүрөлү, көбөйтөлү” деген көп фермерлерди билем. Сатып ала турган кардарларыбыз да бар. Балыкты сатып ала тургандар да бар. Алар ар кандай себептерден улам кредит ала алышпайт. Мунун баарын жолго коё албай, азыркы министр картошка менен жүрөт. Картошка эттен канча бир эсе арзан да. “Картошканы көп өндүрөлү” деп элди үгүттөп да кереги жок. Кыргызстан боюнча толгон-токой картошканы сатсак, ашып кетсе 10 млн. доллар болот. 1 кг эт сата турган болсок, 30 кг картошканын өлчөмүн түзөт. Катарлыктар “жеткирип бере алсаңар, 1 млрд. долларга эт сатып алабыз” дейт. Мына ушундай кардарлар абдан көп. Болгону бийлик башына “тигинин тууганы, мунун тууганы” болуп атып, иш билбеген адамдарды коюп жатышат. Мени капалантканы – ушундай иш билбеген адамдар кызмат башына отуруп алып, анын запкысын жалпы эл тартууда. Жылдан-жылга артка кетип жатабыз. Азыркы министр да, орун басары да эч нерсени кыйратпайт. Журналисттерди чогултуп алып калп сүйлөгөндөн башка эмне кылышты?

-- Мындан аркы абал кандай болот? Коңгуроо кагуу керек го?

-- Качан туура эмес иштеп жаткандарды бийлик башындагылар көргөндө, иш оңолот. Учурунда ал жерде иштеп жүргөндө байкадым, ички схемалары бар экен. Тыйын чогултуп берип турушарын билдим. Аны да айтып чыктым. Бирок, кызыгып караган киши жок. Кайра мага “системага каршы кантип жүрөсүң? Булар кыла берген, кыла беришет” дешти. 

Мүмкүнчүлүгүбүз чоң. Ар жылы дүң өнүмдү 10%дан көтөрүп турсак, беш жылда 100%га көтөрмөкпүз. Биз болсо артты көздөй эле кетип бара жатабыз. Себеби, рыноктук экономиканы жакшы түшүнө албай жатабыз.

Мен министрге эки-үч курдай барып, “канаттууларды өстүрүүнү өнүктүрөлү, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан алат. Биз 1 млрд. долларга тоок этин өндүрө алабыз. 1 млрд. долларга уй этин өндүрсөк болот. Ошондо ички дүң өнүм бүгүнкү күндөн дароо өсмөк. Союз мезгилинде ички дүң өндүрүүнүн 48%ын айыл чарба азыктары түзчү. Айыл чарбанын 60-80%ы канаттууларды өстүрүүдөн киреше алып келчү” дедим. А булар болсо баягы эле картошкадан чыга албай коюшту. 


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер