Эркин Рыскулбеков: “13 жашар кыздын ата-энеси акча чогултууну суранган эмес”

Зордукталган 13 жаштагы секелекке колдоо көрсөтүү үчүн акча чогултуу акциясына кыздын ата-энесинин тийешеси жок. Бул тууралуу акциянын демилгечиси, журналист жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, зордуктоого кабылган кызга жардам көрсөтүү үчүн элден акча чогултуу идеясы активист Азамат Акенеевге таандык. Алгач аны башка тилектештери, кийинчерээк көптөгөн адамдар колдошкон.
"Кыздын ата-энесинин дарегине "бул трагедиядан пайдаланып, акча табууга аракет кылып жатышат" деген айыптоолор айтылып жатат. Бул таптакыр туура эмес. Ата-энесинин бул акцияга эч кандай тийешеси жок! Жок жана дагы бир жолу жок! Кыздын ата-энесин акча чогултуу пайдасына күнөөлөө туура эмес" деп айтты Эркин Рыскулбеков.
Акция жарыялангандан бери 714,5 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Мунун ичинен кыздын үй-бүлөсүнө 53 миң сомго материалдык жардам көрсөтүлгөн, калганы кыздын жеке эсебине сакталмакчы... Активисттер секелектин сапаттуу билим алышына шарт түзүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришүүдө.
Зордуктоого кабылган секелектин иши боюнча 12-июлда өткөн соттук териштирүү учурунда айыпталуучу тарап кыздын ата-энесин акча чогултууга айыптаганын атасы "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сот учурунда айыпталуучулар "акча жасап жүрөсүң" деп күнөөлөшкөн.