Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Рысбеков, полковник: “Суваналиев Ала Тоо аянтына чыкканда, Акматбаев качып кеткен...”

Улан Рысбеков, полковник: “Суваналиев Ала Тоо аянтына чыкканда, Акматбаев качып кеткен...”

24-февраль, 22:32
4 375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Полковник Улан Рысбеков калыстыкты, чындыкты айтканы менен өзгөчө адам. Анын ушул сапаты жогорку деңгээлдеги карьера жасоого бут тосту окшойт. Бул эми башка кеп. 

     Биздин токтоло турган жагдайыбызга келсек, соцтармакта генерал Өмүрбек Суваналиевди фейктер каралап атышыптыр. Мына ошондо Улан Рысбеков чыдабай кетип, адатынча акыйкаттан кеп салганын учкай келтирели. “Рысбек Акматбаевди, Камчы Көлбаевди титирете коркутуп, сездиктирип турган Жеңиш Жакыпов, Өмүрбек Суваналиев жана Чыныбек Алиев болгон. Убагында президент, министр, чиновниктер кол куушуртуп, Рысбекке салам беришип, боз үйгө чейин жалдырап барышкан. Ошондо генерал Суваналиев Ала Тоо аянтын тартипке келтирүү үчүн чыкканда, Акматбаев качып кеткен...” деп билдирди Улан Рысбеков. 

     Ошентип, кыйын кырдаалдар эскерилет экен. Бул мезгилдин үнү. Опурталдуу окуялар, каармандар легендага айланып, аларга карата баа берүүлөр эртеби-кечпи түз мааниде баяндалат тура. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер