Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамира Ниязалиева: “Министр болуп үч-төрт ай гана иштеп калдым, болбосо...”

Дамира Ниязалиева: “Министр болуп үч-төрт ай гана иштеп калдым, болбосо...”

20-сентябрь, 09:25
3 827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дамира айым, саясат айдыңынан көрүнбөй калдыңыз, себебин уксак?

-- Ооба, бир аз мезгилден бери мен саясаттан эс алып, жаңы күч топтоп аттым. Эл-жер кыдырып, жашоо шарттары менен жакындан таанышып, бүткүл дүйнөлүк пандемия менен биздин эл кандай күрөшүп атат, акыбалдарына баам салып, элет жергесинде кандай кем-карчтар болуп атканын өз көзүм менен көрүп жүрдүм. Баардык нерсе өз убактысы менен болуш керек. 

-- Саламаттык сактоо жаатында кандай реформаларды көрө алдыңыз жана алдыдагы сунуштарыңызды айтсаңыз?

-- Саламаттык сактоо тармагы өтө чоң жана татаал тармак, анткени, ар бир жаран дайыма өзү же тууганы боюнча кайрылат. Ошентип, системанын жакшы да, жаман да жагын жонтериси менен сезет. Албетте, бул дүйнөгө келген жандын баарына эң кымбат жана эң керектүү бул – ден соолук! Бирок, тилекке каршы, биздин система элибиздин заманбап талаптарына жооп бербейт. Ар бир мамлекеттин приоритеттүү багыты саламаттык сактоо болуш керек, а бизде андай эмес. Мисалы, бюджетти бөлүштүргөн кезде саламаттык сактоо тармагы эң артта калып, Башмыйзамда жазылган, белгиленген элдин укуктары унутулуп, каражат керектүү деңгээлде бөлүнбөйт. Ошентип, СССРдин калган-каткан системасы менен “өлбө жаным, өлбө” деп келатабыз. Бул көйгөйдү дайыма эле белгилеп, айтып келе жатам, бирок, убакыт жетпейт, же чечүүчү бийликтин колу кыска. Министр болуп 3-4 ай гана иштеп калдым, реформаны башташ үчүн жумушчу топ түзгөнгө жетишип, донорлордун макулдугун алдык. 90 пайыз убактым жарадарлар, жабыркагандар менен алек болдум. Кийин депутат, комитеттин төрайымы болгондо бир топ мыйзамдарды, жаңылыктарды киргиздим, бирок, алардын иштеп атканы да, иштебей турганы да бар. Мисалы, гемодиализ маселесин көтөрүп, көп аракеттерди жасадым. 2010-жылы акысыз алган орундарды эки эсеге көтөрдүк, анан комитеттин чечиминин негизинде токтом кабыл алынып, бүгүнкү күнү акысыз алган орундар 20 эсеге көбөйдү. Бүгүн ар бир облуста, шаарларда гемодиализ борборлору мамлекеттин эсебинен тейлөө көрсөтүп жатышат. Бул факт миңдеген өмүрлөрдүн сакталып калганын айгинелеп турат. Мындан да башка айта турган нерсе көп, кийин жай шартта шашпай айтып берермин...

Албетте, бүгүнкү күнү саламаттык сактоо системасы реформага муктаж! Реформа жасаш үчүн 5 жылдан кем эмес мөөнөт жана профессионал, көрөгөч кризис-мененджер министр керек. Буюрса, чет мамлекеттерден кем эмес саламаттык сактоо тармагына да жетербиз.

-- Күздө парламенттик шайлоо белгиленди. Парламенттик шайлоого аттанасызбы?

--  Азыр саясатка кирүү мезгили чукулдап калды. Кудайым буюрса, алдыда келе жаткан парламенттик чоң майдан – шайлоого катышууга ниеттенип турам. Менин жердештерим, колдоочуларым, тарапташтарым “шайлоого барыңыз” деп каалоо-тилектерин, ошол эле учурда талаптарын коюуда. Албетте, күрөш өтө кыйын жана татаал болот. Жыйынтыгы: биринчиси – Жараткандан, экинчиси – элден.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер