Алмаз Тажибай: “Узакка созулган согуштан Россияга байланган өлкөлөр да кыйынчылык тартышат”
-- Улам күч алган санкциялардан улам Россия экономикасы кандай абалга такалат?
-- АКШ жана Батыштын алтынчы санкциясынын азабынан Россия экономикасы күн сайын начарлап баратат. Орустар өздөрүнүн алтын байлыгын жана башка ресурстарын Украинага каршы согушка даярданып камданышкан. Бирок чогулткан байлыктары болсо да орустардын өндүрүшү, тейлөө жана башка секторлору токтотулуу менен экономикасы жайлады. Инвестициялык, жогорку заманбап технологиялык жана дүйнөгө эң сапаттуу буюмдарды өндүргөн компаниялар да “санкцияга илинбейли жана дүйнөдө өз репутациясын агрессор мамлекет менен байланыш аркылуу жоготуп албайлы” деп Россиядан чыгып кетишти. Россиянын экономикасы Батыштын экономикасын энергоресуртар менен көз каранды кылып койгон. Россияга бир күндө 1 млрд. АКШ доллары түшүп турган. Бирок Европа бирикмелери кыйын болсо да ушул жылдын аягына чейин баш тартууга барышты.
-- Мындан ары тиреш кандай уланат?
-- Россия “үч күндө Украинанын борбору Киев шаарын алыбыз” деп 24-февралда согуш жарыялаган. “Украинанын элин толугу менен багынтып, территориясын тартып алам” деген кыялы жокко чыкты жана эч бир аскер стратегиясы максатына жеткен жок. Тескерисинче, Украина орустардын “тишин сындырышты”. Дүйнөгө белгилүү болгон, 2-номурда турган орус аскеринин алсыз күчүнө дүйнө жүзү күбө болду. Дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мамлекеттер Россиянын агрессиясын терс сындашып, БУУ резолюциясын 150дөн ашык мамлекеттердин чечими менен бекитишти. Дүйнө жүзү, өзгөчө Батыштагы демократиялык өлкөлөр Украинага моралдык эле эмес, гуманитардык, аскердик жана башка жардамдарын берип жатышат. Батыш ажырабай, өзгөчө биригишип, Россиянын империялык саясатына ачык каршы чыгышты. Россия дипломатиялык, аскердик, маалыматтык, моралдык согушту уттурушууда. Жаңжал эми көпкө узарат, же Украина өз суверендүү территориясын өзүнө Крым менен кайтарат. Согуш канчалык көпкө чоюлса, Россиянын экономикасы ошончолук кыйынчылык кризистен чыкпайт. Аны менен катар Россия менен байланган өлкөлөр да ЖККУ, ЕАЭБ, ШКБ кыйынчылыкта болушат. “Дүйнөгө ачарчылык алып келет” деп БУУ өз коопсуздугун билдирди. Ошондуктан согуш эч кимге кереги жогун жана согуштун айынан украин эли жабыркап, тынч жашаган адамдардын кан төгүлүүдөн башка пайдасы жок экени менен баарыбыз макулбуз.
-- Президенттин Россияга сапары тууралуу пикириңиз?
-- Кыргыз Республикасынын өлкө башчысы өз элинин тагдырын жана мамлекеттик кызыкчылыгын колдоо үчүн маанилүү жыйындардан калбашы керек. 30 жылдык юбилейлик жыйынга барганы Кыргыз мамлекети эле эмес, жалпы эл аралык геосаясатта өз позициясын жана кызыкчылыгын сактоо маанилүү. Ошондуктан Кыргыз мамлекети Россия менен чөгүп кеткенге жол бербей, экономикабызды Россиянын ресурстарына, өзгөчө газмунайзаттар менен көз карандылыгыбыздын альтернативдүү жолдордун издеши кажет. Биз импортко келген ресурстарды альтернативдүү диверсификациялашканга мажбурбуз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити