Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Мариповдун “карышкырга кой кайтарткан” алешемдиги

Улукбек Мариповдун “карышкырга кой кайтарткан” алешемдиги

19-февраль, 00:57
1 724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Садыр Жапаров баш, Улукбек Марипов төш болгон бийлик 48 мамлекеттик уюмдардын ичинен 16сын калтырып, реформасын баштап киришти. Өткөн жумада премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн токтому менен бир айлык мөөнөткө министрлик менен ведомстволорго структурасын жана штаттык бирдиктерин бүтүрүп, өкмөттүн кароосуна киргизгенге тапшырма берди. Мурунку өкмөттүн структурасында министрликтер, комитеттер жана агенттик жетекчилеринин үчтөн орун басарлары жана бирден статс-катчылары болгон. 

Кулагыңызга күмүш сырга, Улукбек мырза, оптимизация реформасын “мекеменин структурасын жана штаттык бирдиктерин өзүңөр чечип келгиле” деп жетекчилер менен орун басарларына жана статс-катчыларга берип, “карышкырга кой кайтарткандай” эле болдуңуз. Себеби, алар “кол ийрисине тартат” болуп, өздөрүнүн кызмат ордун кантип сактап калуунун айла-амалын издеп жаткан чактары. Кыскартууну баягы эле карапайым адистерден баштап, “кыскартууларга эмитен даяр болгула” деп кулак кагыш кылып жаткан имиш. 

Урматтуу Улукбек Асамидинович, мекеме, ведомстволордун орун басарларын, статс-катчыларын мүмкүн болушунча жаңы кадрлар менен толуктаңыз. Себеби, булардын ушул убакка чейин чеке жылытарлык иштери жок, дагы деле бийликте калууга жандалбастап жатышат. Жетекчи алмашса деле булар ошол бойдон кала берип, алды 10-15 жылдан бери иштеп келет. Анан ушулар мамлекетке реформа кылып жыргатабы?     


"Азия Ньюс" гезити         

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер