Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкент бийлиги эркектердин узун сакалын мажбурлап алдырууда

Ташкент бийлиги эркектердин узун сакалын мажбурлап алдырууда

11-май, 19:12
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ташкентте атайын рейд жүрүп, эркектерди сакалын алууга милдеттендиришти. Кармалгандардын бири Gazeta.uz. басылмасына билдиргендей, сакалын алуудан баш тартса, 15 суткага камаларын эскертишкен.

Өткөн аптада баш калаанын Үчдөбө жана Чилназар райондорунда коомдук жайларда узун сакалчан эркектерди кармап, сакалын алдыртып жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Өзбекстандыктардын бири Мухаммадюсуф ибн Кобил Фейсбуктагы баракчасына сакалын алганга чейинки жана андан кийинки сүрөтүн коюп, «көчөдө баратсам жол көзөмөлдөгөн кызматкер токтотуп, тек жайымды такташ үчүн бөлүмгө барыш керек экенимди айтты» деп жазды. Ал полиция бөлүмүндө ошол учурда кеминде 10 адам болгонун, алардын баарын сакалын алууга милдеттендиришкенин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов полициянын кылмыштуулукка каршы күрөшүн жарандардын диний ишенимдерин басмырлоого теңебөөгө чакырды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер