Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм – дайыма кейиш, трагедия. Бирок, кээ бир өлүмдөр адамды аргасыздан жылмайтат да экен...

Өлүм – дайыма кейиш, трагедия. Бирок, кээ бир өлүмдөр адамды аргасыздан жылмайтат да экен...

28-июль, 14:08
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

70 жаштагы Италиянын тургуну Армандо Пинелли пальманын түбүндөгү жалгыз орунду талашып, кошунасы менен көпкө кыжылдашат. Акыры кошунасы кол шилтеп басып кетет. Жеңишке жетишкенине корстон болгон Армандо аксакал отургучка отурар замат пальма кулап түшүп, аны басып калган. 

***

Нью-Йоркто бир жигитти машина коюп кетет. Бирок, Кудай сактап, эч жери эч нерсе болгон эмес. Аңгыча бир билерман пайда болуп, “айдоочудан компенсация талап кыл. Бул үчүн болгон окуяны кайра кайталап, видеокамерага тартыш керек” дейт. Тиги жаңы эле дөңгөлөктүн астына жатканда машина жылып кетип, аны былчыйта тебелейт... 

***

Прагалык Вера Червак “күйөөң көзүңө чөп салып жүрөт” деген ушак угуп, өзүн коёрге жер таппай отурган. Аңгыча күйөөсү жумуштан келатканын көрүп калып, үчүнчү кабаттан так анын үстүнө секирет. Күйөөсү ошол жерден жантаслим болот. Вера айым болсо госпиталдан эсине келген. 

***

Түштүк Кореялык балыкчы кармап келген балыктарын тазаламакчы болот. Бычагын балыктын үстүнө коюп, бирдекеге алыксый түшөт. Ушул тапта балык куйругун серпип ийип, бычак анын так жүрөк тушуна сайылган. 

***

Нью-Йорктун тургуну Джулия Карсон жүрөк пристубунан өлөт. Бирок, таажиясы жүрүп аткан учурда табыттан турат да, “деги бул жерде эмне болуп жатат?” деп сурайт. Кызы Джули ошол жерден жүрөгү жарылып өлөт. 

***

Массачусетс штатынан Линда Гуди Кариб аралдарына круизге чыкмак. Бирок, жаман түш көрүп, сапардан баш тартат. Себеби,түшүндө машинанын ичинде өлөт экен. Бир топ күндөн кийин аны машинанын ичинде өлүп жаткан жеринен табышкан. 

***

Вьетнамдын Хошимин шаарында 50 чакты бекерчи сууга секирип өлмөкчү болгон кыздын жашоо менен кантип коштошорун көрмөкчү болушуп, көпүрөнүн үстүнө чогулуп калышат. Эски көпүрө ошончо кишинин салмагын көтөрө албай сынып түшөт. Тогуз киши мүрт кетет. Кызды болсо куткаруучулар сактап калышкан. 

***

Фермер Винсент Карроджио коёнго аңчылыкка чыккан. Бир топко чейин шалбаада салпактап жүрүп чарчайт да, эс алганы отурат. Октолуу мылтыгын жанына коюп коёт. Бир маалда ары жактан чуркап келаткан коён аны көрүп чочуп кетип, буту менен мылтыктын машаасын басып алат. Коён атам деген фермер өзү окко учат. 

***

Джордж Стори туулганда жаңыдан жарык көргөн Life (“Жашоо”) журналында   “Жашоо башталды” деген ат менен анын сүрөтү жарыяланат. Андан соң анын үйлөнгөнү, балалуу болгону, пенсияга чыкканы – бүт журналга жарыяланып турган. 2000-жылы журналдын май айындагы акыркы санында анын сүрөтү “Жашоо бүтүп баратат” (журнал жабылат деген мааниде) деген ат менен жарык көрөт. Арадан үч-төрт күн өтпөй, Джордж Стори инфаркттан көз жумган. 

***

86 жаштагы Амигдалиа Бальта Грециянын Эвия аралындагы өз үйүндө ачкалыктан өлгөн. Бирок, байкуштун жегенге эчтекеси жок экен дейин десең, банкта 350 миң фунту жана 150 зер буюмдан турган алтын коллекциясы калган. 

***

Сириялык Наджиб Садди 35 жыл бактылуу турмушта жашап, бир күнү өзүн-өзү өлтүргөн. Коштошуу катында ал бул жоругун “бир күн бактылуу болбой калгандан   корктум” деп түшүндүрүптүр. 

***

Бонн шаарынын тургуну Питер Грубер искусство музейине уурулукка кирет. Бир маалда күзөтчүлөр келатканын көрүп, качып жөнөйт да, статуянын кылычына сайылып калат. Ал экспонат “Соттун куралы” деп аталчу экен. 

***

Египет өкмөтүнүн кызматкери Адел Назим сегиз жылдан бери кызматтан көтөрүлөр күндү күтүп жүргөн. Анан кызматтан жогорулатуу боюнча буйрукту окуур замат жүрөгү кармап, мүрт кеткен. 

***

Украиналык браконьер токко туташтырылган электр зымын дарыяга ыргытат. Анан чала жан болгон балыктардын баары суунун үстүнө калкып чыкканда токту үзгөндү унутуп коюп, олжосун жыйнаганы сууга кирип кетет. Туугандарынын айтымында, ал балыкты кууруп жемекчи болгон экен. Бирок, өзү да алар менен кошо “куурулуп” калып атпайбы. 

***

Босс менен секретарь кыз Германиядагы көлдө жыныс кумарына батып атышкан. Ушул маалда чагылган түшүп, экөө тең мүрт кетет. Босстун аялы алардын өлүмүн Кудайдын жазасы катары кабыл алганы айтылат. 

***

Од деген каймана аты бар эргежээл Түндүк Таиландда циркте иштечү. Бир жолу батуттан секирем деп түз эле аренага чыкмакчы болуп турган гиппопотамдын оозуна барып түшкөн. Ветеринарлардын айтымында, Хильда аттуу гиппопотам тамакты ыргыттырып жеп көнгөн экен.  

***

Он жетиге толгон кыз туулган күнүн белгилеп, дивандын үстүндө секирип жаткан. Азартка баткан бийкеч аябай катуу секиргенде диван аны трамплин сыяктуу серпип ийип, кыз 6-кабаттын терезесинен учуп кеткен.

(Интернет булактардан)
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер