Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Манастын уулу Семетейди” тартып аткандар элибизге кыянатчылык кылууда”

Кадыр Кошалиев: “Манастын уулу Семетейди” тартып аткандар элибизге кыянатчылык кылууда”

19-август, 11:25
1 628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу коомчулукта талаш-тартыш күчөп турган кез. Улуттук баалуулукка доо кетирген бул тасманын тартылбоосун талап кылып, жалпылап үн кошолу. Манас – бизге ыйык баалуулук. Аны саясатташтырып, түркүн улуттун кызыкчылыгын колдоп, төмөн деңгээлге жетеленгенибизди ата-бабалар кечирбейт.

-- “Манастын уулу Семетей” тасмасынын тартылышына кандай пикирдесиз? Кыргыз эли үчүн, келечек муун үчүн ал тасмадан кандай идеологияны көрө алдыңыз? Кыргыздын ордосун кыргыз чаап жатат. Каныкей төркүнүнө качып кетет. Тайторунун чабышы да камтылбаганы айтылууда... Балким тажик улуту менен же башка улуттар менен мамилени бекемдөө идеологиясы барбы? Кандай пикирдесиз?

-- Бул кинонун сценарийи коомчулукта талкууга алынып, сын айтылып жатпайбы. Мен дагы таанышканым боюнча Семетейдин Манастын салтуу вариантынан бир топ эле четтеп, чыгармачылык менен салттуу сюжеттерге туура келбеген, ойдон чыгарылган окуялар кирип кеткени көрүнүп турат. Менимче, бул жерде Кытай менен Россиянын кызыкчылыгы да бардай. Алтайлык Акай Киненин аралашып калгандыгы Россиянын кызыкчылыгы. Анан тасманы тартууга кытай тарап демөөрчү болуп жаткандай. Алар өздөрүнүн шартын койгонбу?..

Бирок мындай кылбаш керек эле да. Семетейдеги эң негизги, орчундуу окуялардын бири – Тайторунун чабышы кирбей калганы өтө чоң минус (!) деп эсептейм. Манас атанын сөөгү Алтайга коюлган эмес. Ал жөнүндө сөздөр болуп жатат. Коңурбайды коргогон кээ бир тексттер жүрөт. Кыскасы, бурмалоо ачыктан-ачык көрүнүп турат. Ошондуктан бул фильм кыргыз элинин келечекте идеологиялык мамлекет катары анын келечек, болочогуна жакшы жагына караганда зыян жагы көбүрөөк болот. Тышкы мамлекеттерге прокатка чыгарабыз дегени – бул эң ыйыктыкка доо кетүүнүн башталышы. Тасманы чыгарууга жол бербешибиз керек! Же болбосо манасчыларды, Манас таануучуларды чогултуп, сценарийин дагы бир талкуулап, аша чаап кеткен жерлерин оңдоп, ошого жараша тартып, аягына чыгышы керек. Болбосо, токтотуш керек. Бул фильм тартылса, кыргызга кыянатчылык гана болот. Ал эми башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн биздин эң ыйык Манас, Семетейибизди курмандыкка чалган бул туура эмес. Ошого барып жаткан чыгармачыл адамдар кырсыкташы мүмкүн. Мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Токтотуш керек! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер