Жубайым мас болуп, болгон сырын төгүп салды

Бүгүн мен шок болуп турам. Аялым менен 9 жыл бирге жашасак да, ичинде ушунча сыр бар экенин ойлобоптурмун. Экөөбүз катуу урушуп кеткен элек. Мен сыртка баса бергем, ал үйдө калган. Ошентип, тыштан үйгө киргим келбей жүрүп, түнкү саат бирде келдим. Келсем үйдө аялым чачтары сапсайып ордунан туралбай калыптыр. Биринчи жолу көрдүм, өтө көп ичип алыптыр, кусуп да, ыйлап да жатты. Анан мени карап, кыйла каарыды. “Сен акмаксың, билесиңби? Сени менен мен башка адамды элестетип жашайм. Былжыраксың, эркелей албайм. Эркектей сүрүң жок, көзүмө көрүнбөй жогол!” деди. Мен айраң таң болуп катып калдым. Эгер мени жек көрсө, ушунча жыл эмнеге жашады? Бирөөнүн кызын зордук менен гана жашатып жүргөн экенмин да. Ортодо үч бала бар, эми эмне болот?
Марат
"Азия Ньюс" гезити