Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айым Камчыбекова, жактоочу: “Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы башка күнгө жылды...”

Айым Камчыбекова, жактоочу: “Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы башка күнгө жылды...”

13-январь, 09:30
1 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Бактыбек Калмаматовдун кечээ 12-январь күнү Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын карамак. Бирок соттук отурум кийинки учурларга жылдырылды. Эмне себептен жылдырылганын анын жактоочусу Айым Камчыбекова айтып берди. 


-- Айым карындашым, айтсаңыз, Бактыбек Калмаматовдун соттук иштери кайсы жагдайга келип жетти?

-- Бишкек шаардык сотто Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралып, аны төрага кылуучу судья Шарабидин Токтосунов “мен айыпталуучуну жана үй-бүлөсүн жакшы тааныйм, жакын мамиледебиз. Ошондуктан төрагалыктан баш тартам” деди. Соттук териштирүү иши башка күнгө жылды. 

-- Негизи Бактыбек мырзага эмне деген айып коюлуп атат?

-- Бактыбек Калмаматовго “социалдык тармакта бир аккаунт түзүп, ошол аккаунттан улут жана аймак аралык кастыкты жаратты” деген айып коюлган.

-- Бул качанкы окуя?

-- Кылмыш иши өткөн 2021-жылдын август айында козголуп атат. А публикация ноябрь айында чыгыптыр... 

-- Кандайча, кылмыш иши эрте козголуп калган болобу, түшүнбөй атам...

-- Ошо, биз да түшүнбөй атабыз. Логика жок. Тергөөнүн материалдарына таянсак, мыйзам боюнча кылмыш иши по факту совершения болуш керек эле. 

-- Кечээ Бактыбек мырзаны сотко апкелди. Отурумга келген жактоочуларга, тарапташтарга айтчу сөзү бар бекен?

-- “Мени бийлик “сындыра” албайт. Мени бир гана эл “сындыра” алат. Эгер эл бизди колдобой таштап койсо, биз “сынып” калабыз” деди. Эми күтөбүз, эртеңдерден сот болот. Шаардын Биринчи Май райондук соту “февраль айына чейин камакта калсын” деген. Биз ошону даттануу арыз менен шаардык сотко кайрылып, “жок дегенде баш коргоо чарасын карап бергиле” дегенбиз. Мурунку кайсы бир соттук териштирүү учурунда эч бир калетсиз, кынтыксыз соттук отурумдарга күбө катары чакырылып келип турчу, мыйзамды бузган эмес. Азыр деле ошол талапты коюп атабыз. “Үй камагына чыгарып койгула, анан ар бир чакырылган учурда барып турабыз” деп атабыз, болду.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер