Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдикаримов авариядан аман калып, башына доо кетти беле?

Абдикаримов авариядан аман калып, башына доо кетти беле?

02-апрель, 01:15
1 385 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Медицина тармагында алгылыктуу эмгеги жок, көпчүлүккө белгисиз Сабиржан Абдикаримовду саламаттык сактоо министрлигине Жогорку Кеңеш жапырт колдоп, зордоп атка мингизгендей эле икая болууда. 60тан ашса да артында айтылган жакшы сөзүн укпасак, курч кырдаалда көтөрмөлөп, натыйжада, апаатка каршы жөлөп-таяп түртүп атышкан жокпу? Кечээ чукул арада коронавирус токтой турганын айтып, фантазиясы күчтүү экенин байкатып коюптур. А баса, беш жыл мурун Сабиржан Абдикаримов авариядан аман калып, башына доо кеткени ыраспы? Кокус мандеми болсо ашуудан кайра ат алмаштырабызбы? “Шашкан шайтандын иши” дегендей, эртеңки күнгө ырааттуу кадам таштабай, алгылыктуу анализ жасабай эле жердешчиликке салып коюштубу? Кыскасы, жүрөк заада боло турган суроолор жаралууда. Жакшылыкка жооруганга аракет кылсак да окшошпой, ойрондолчудай болуп эле шектүү көрүнүшсө, анан кайдагы жылуу кепти айтасың? Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү жарамсыз болуп атса, “эшегине жараша тушагы” деген аксиомадан алыс кете албай, “шуу” үшкүрүүгө туура келет...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер