Түркия менен Кытайдын Борбор Азиядагы таасири күчөдү
Бээжин менен Анкара соңку айларда Борбор Азиядагы таасирин арттырууда. Буга ушул аймактагы өлкөлөр да ыраазы. Анткени алар экономиканы көтөрүү жана Кремлдин улам катуулап бараткан басымына туруштук берүү үчүн жаңы өнөктөштөрдү тапкысы келет.
Россия Украинага басып киргенден кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Москвага болгон көз карандылыгын азайтып, Кремлге каршы Батыш киргизген санкциялардын экономикалык таасирин басаңдатууга умтулууда. Мындай кырдаал Борбор Азия менен эзелтен бери байланышып келген Кытай жана Түркия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Түркия жакында соода жана коргонуу жаатындагы келишимдерге кол коюп, курал-жарак соодасын күчөтүп, бул аймактагы таасирин кыйла кеңейтти. Президент Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.
Кытай болсо соңку он жылдыкта жар салган саясый багытындагы иштерин улантууда. Бээжин аймактагы коопсуздук маселелерине байланыштуу өзүнүн кызыкчылыктарын бекемдеп, энергия ресурстары менен чийки зат булактарына колу жете баштады. Ал дипломатиялык алакаларын да чыңдап, сөзү кыйла өктөм чыга баштады.