Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубан Мамбеталиев “чычкак”...

Кубан Мамбеталиев “чычкак”...

20-октябрь, 20:10
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кечээги Бакиевдин “куйругу” Кубан Мамбеталиев кыргыз журналистикасы боюнча ойду-тоону сүйлөп, өзүнчө баа бериптир. Бул азыр алжып эле калбаса, эскертип коеюн, кандуу режимде Улуу Британияда элчи болчу, дал ошол кезде биз, Бабырбек Жээнбеков, Кенжебек Арыкбаев, Рыскелди Момбеков, Манас Осмон, Назгүл Мамытова ж.б. журналисттер коомчулуктагы акыйкатты ачыктап, күрөшкөнбүз да! Кубан Мамбеталиев агезде Лондондо виски ичип, тайраңдап элчи болуп жүргөн. Ошондо Павлюк өлтүрүлүп, Абдылдаев бычакталып, сөз эркиндигине коркунуч келип атса, бир ооз адилеттүү сөз айтканга жарабай, кызматтын “кулуна” айланганы ачык факт! Дагы санайлы, Жекшенкулов, Исаков, Кадырбеков камалса, Садыркулов өлтүрүлгөн, андай эле Мамбеталиев “акыйкатчы” болсо, ошондо бир ооз “кепшеп” койбойт беле? Эми түштөн кийин келип алып, президенттик аппаратка кошомат кылып, өкмөттү сындамыш этип, былжырап отурат го? Жетимишке чыгып калганда тантырабай, тек гана жүрсө болмок, кызык, кийинки муунга бул “чыча” берсе, богун ким тазалайт?..

Асланбек Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер