Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн жигиттер сулуу эмес кыздарга үйлөнүп, сулуу кыздарды карашпайт?

Эмне үчүн жигиттер сулуу эмес кыздарга үйлөнүп, сулуу кыздарды карашпайт?

28-июль, 19:26
2 752 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Barometr.kg сайты менен Динара айым сыр бөлүшкөн.

“Мен Бишкектеги эң жакшы деген жогорку окуу жайын бүтүргөм. Өз кесибим боюнча иштеп жатам, жашоомо нааразы деле эмесмин, ата-энем алпештеген, эркелетип чоңойткон кызмын. Бирок жашым 30га чыгып калса дагы турмушка чыга элекмин. Жигиттер бир ирет сүйлөшүп таанышып коюп эле, андан ары телефон чалып же байланышпайт калышат. “Сулуу эмесмин” дейин десем, андай деле эмес, дайыма өзүмдү карап жүрөм, баары эле “жакшынайкасың” деп айтышат. Акыркы кездерде эжелерим, тааныштарым “билим десе билимиң, акыл десең акылың бар, эмне үчүн жигитиң жок, же турмушка чыкпайсың?” деп суроо бере берип тажатышты. Ага деле ойлонгон жокмун, “буюрган бирөө тургандыр” деп коём.

Бирок мени бир суроо кызыктырат. Менин университетте чогуу окуган Нурзада деген группалаш кызым бар эле. Бир караганда ушунчалык эле куник, тээ алыскы бир айылдан келген, жүдөгөн эле кыз болчу. Биринчи курстан кийин бир аз жасанып, боёнгонду үйрөнүп алды, ошентсе да келбети жакшырып кеткен жок. Ошого карабай группалаш да, башка факультеттердеги жигиттердин баары эле аны менен көп сүйлөшчү. Экинчи курстан бизге социологиядан Камчы деген агай сабак берип калды. Аябай келбеттүү, сулуу, акылдуу болчумен да ал агайымды жактырып калдым. Чыны менен баардык кыздар аны жакшы көрөрүн билчүмүн. Ал мен үчүн эч бир жанга тең эмес, чыныгы идеалдуу мырза болчу. Бир күнү эле баягы келбети суук Нурзада деген группалашым агай менен колтукташып жүрүп калганын көрүп, кыздардан “экөө сүйлөшүп жатыптыр” дегенин угуп шок болдум. Кантип эле?” деп. Сүйүүдөн да, Камчы агайдан дагы көңүлүм үч көчкөн журттай калды. Албетте, агай мени бир ирет деле караган эмес чынында. Бирок эмне үчүн ушул Нурзаданы тандады? Андан башка университетте сулуулар жок беле? Кийинки курста агайды да, Нурзаданы да көргөн жокмун. Экөө үйлөнүптүр деп уктум, “койчу ай” деп ишенген жокмун. Анан кийин “ажырашып кетип, бир баласы менен калыптыр” деп уктум. Ошол окуя ошону менен эсимден чыккан.

Жакында Бишкектен тааныштар менен Италия стилиндеги ресторанга барып калдык. Баягы гурппалашым отуруптур, мен араң тааныдым. Кычырып кийинген, өзүнчө эле леди. Мени таанып келип учурашып, сүйлөшө кеттик. Көрсө, италиялык мырзага турмушка чыгып, анан көп жылдан бери Европада, Италиянын Флоренция шаарында жашап жатыптыр, Бишкекте дагы сиңдисине ресторан ачып бериптир. Ушул ресторандын ээси анын сиңдиси экен. Кыргызстанга эс алууга, жайлоого келген экен. Күйөөсүн, үй-бүлөсүнүн, балдарын мага тааныштырды, кыргызстандык уулу да чоңоюптур. Камчы агайдын эле көчүрмөсү болуптур, келбеттүү, көздөрү бажырайган. Италиялык күйөөсү дагы абдан сулуу, акылдуу, узун бойлуу джентльмен экен. Бизди коноктоп кетиришти. 

Чынын айтсам, ушул окуядан кийин менин аябай ичим күйдү. “Эмне үчүн куник кыздар мынча бактылуу болушат?” дедим. Үйгө келип буулугуп ыйладым. Эмне үчүн эркектер сулуу эмес кыздарга үйлөнүшөт жана сулуу кыздарды карашпайт? Мырзалардан жооп күтөм?” деп жазды Динара.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер