Атамбаев саткынчылардан айырмаланып, Равшан мырзаны аягына чейин колдойбу?
2017-жылы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого аттанганда Канатбек Исаев ачык колдоп чыгып, Алмазбек Атамбаевди курч мааниде сындап, катуу каршылык көрсөткөн. Өзгөчө чүйлүктөрдү бурган эле. Акыры жалган жалаанын негизинде камалып, репрессияланып да кеткен. Ак ийилгени менен сынбай, учурда Канатбек Исаев аламанга аттанганда, тилекке каршы, Өмүрбек Бабанов “ыштанын булгап” жиберип, сатып кетти. Бийлиги бар Садыр Жапаровдун астына чөгөлөп барды... Дал ушул көрүнүшкө үндөш – Алмазбек Атамбаевди таасирдүү тилектештери таштап кетишкенде Равшан Жээнбеков Кой-Ташка барып, туруп берип, акыры камалып тынган. Сынган жок, аягына чейин эски бийликке акаарат келтирип, күрөшүп келди. Натыйжада, Равшан Жээнбеков президенттик таймашка аттанды. Эми Алмазбек Атамбаев аягына чейин колдоп бере алабы? Түрмөдө жатса деле миллиондорунан ыргытса, электоратын буруп ийсе, опол тоодой жардам кылат эмеспи ыя? Азырынча Равшан мырзаны экс-президенттин тарапташтары сүрөөнгө ала башташты. Эми катар-катар букалар союлса, котолоп эл чогулса, андан аркы жагына “ураалап” кетпей жан жокпу?..
"Азия Ньюс" гезити