Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бишкек жана Ош шаарлары ыш-түтүндөн жакынкы жылдары арыла албайт”

“Бишкек жана Ош шаарлары ыш-түтүндөн жакынкы жылдары арыла албайт”

20-декабрь, 19:30
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бишкек кайрадан ыш-түтүнгө чулганып, дүйнөдөгү эң кир шаарлардын алдыңкы катарына чыгууда. Жакынкы жылдары бул көйгөйдөн кутула алабызбы?

Марипа Алыйкулова, эксперт:

-- Бишкектин жана башка шаарлардын абасынын булганышынан кутулуу – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү коомчулуктун, ишканалардын жана жарандардын комплекстүү мамилесин жана биргелешкен аракетин талап кылат. Жакынкы жылдарда шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча ишканалардан чыккан зыяндуу заттарды катуу көзөмөлгө алуу, экологиялык программаларды ишке ашыруу, альтернативдик энергия булактарын колдонуу менен коомдук транспортту ишке киргизүү, автотранспортту колдонууну азайтуу, ысырапкорчулукка үндөш сыяктуу кадамдар жасалышы мүмкүн. Ошондой эле абаны тазалоонун заманбап ыкмаларын киргизүү зарыл. Бул маселени толук чечүү үчүн процесстин баардык катышуучуларынан дайыма көңүл буруу жана күч-аракет талап кылынат.

Манас Осмон, эркин журналист:

-- Кыргыз өкмөтү бул маселени чече албайт. Анткени, кээ бир эксперттер заманбап ЖЭБ курбаса, союз маалынан калган ЖЭБ менен борборду ыштан арылтуу мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө. Учурда калктын саны өстү, жаңы конуштардын көпчүлүгү көмүр менен жылыйт. Айрым учурларда кездемелердин кесиндисин же резиналарды жагышат. Газдаштыруу толук ишке ашып бүтө элек. Мындан улам Бишкек жана Ош шаарлары ыш-түтүндөн жакынкы жылдары арыла албайт.

Руслан Жакышов, ЖК депутаты:

-Бишкек шаары кыш келер менен абасы кир шаарлардын катарына кошулат. Анткени, шаарды курчап турган жаңы конуштагылар үйүн жылытуу үчүн тигүү цехинен арткан кесиндилерди жана дөңгөлөктөрдү жагышат. Дөңгөлөк менен кездемелерден чыккан түтүн абанын булганышына салым кошот. Ошондой эле Бишкек шаарында миңдеген катализатору жок эски машиналардан чыккан түтүндөр да абаны булгайт. Ыштан арылып, абаны таза сактоону ойлосок, жаңы конуштарды газдаштырып, машиналарга катализатор орноттуруп, баардык унааларды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүш керек. Менимче, өкмөт деле жөн отурган жок. Жакынкы аралыкта бул маселени чечип, абалдан чыгуунун жолун табат деген ойдомун. Анткени, алар дагы шаардын абасын таза сактоонун аракетин көрүп жатышат.

Расул Умбеталиев, эксперт:

-- Жакынкы аралыкта Бишкек ыш-түтүндөн кутула албайт. Анткени, министрлер кабинети, мэрия, жаратылышты коргоо, энергетика министрлиги,  “Элетрстанциялар” ААКсы ыштан кутулуу боюнча ыкчам чараларды, стратегиялык программаларды иштеп чыгышкан жок. Ошондой эле бийиктиги 150 метрден 300 метрге чейин курулган Бишкек шаарынын ЖЭБ түтүкчөлөрүн мисал кылып жаткан мамлекеттик мекемелер бир нерсени байкабай жатышат. ЖЭБде жылына зыяндуулугу көп көмүр жагылат. Ошонун кесепетинен шаардын абасы бузулат. Маселен, быйыл 1 миллион 200 миң тонна көмүр жагабыз деп пландашууда. Жагылчу көмүрдүн 550 миң тоннасы Казакстандын шабыркүл көмүрү. Чынында шабыркүл эң зыяндуу көмүр. Айтайын дегеним, аталган көмүрдүн курамында 48-50% учуучу заттар бар. Алар түтүн, көмүрдүн күлү аркылуу Бишкек шаарын жана Чүйдүн аймактарын каптап, абаны булгайт.

 Ыштан кутулуу үчүн ЖЭБди толугу менен шаардын четине көчүрүп, заманбап курулуш менен куруу, же ЖЭБди жана шаар четиндеги жаңы конуштардын баарын жаратылыш газына өткөрүү зарыл. Ошондой эле сырттан келген автоунааларды шаардын четине атайын курулган жайларда токтотуп, шаарга киргизбеш керек. Жолдорду кеңейтип, түштүк менен түндүктү байланыштырган темир жол куруп, Ала-Арча, Аламүдүн, Чүй суу каналдарынын жээгине курулушка тыюу салып, керек болсо көп кабаттуу үйлөрдү да көчүрүш керек. Мына ушундай аракеттер менен гана Бишкекти ыштан арылтсак болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер