Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Гезит базар элге кызмат кылат, жабуу акылга сыйбайт!”

“Гезит базар элге кызмат кылат, жабуу акылга сыйбайт!”

10-август, 00:03
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кабатырланган жүздөгөн окурмандар коңгуроо кагышты: “Ой, бу биздин гезит базарды алганы жатышат, а биз кантебиз? Ансыз да шаардагы гезит-журнал саткан күркөлөрдү жоготушту...” деген таризде. Ал эми шаардын Шопоков көчөсүндөгү жайгашкан чакан гезит базардагы үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан сатуучулардын бул жөнүндө ой пикирин окурмандар менен биргеликте угуп көрдүк.


Таалайбек Энтериев, сатуучу:

-- Жылдын жаз, жай мезгилинде мэриянын кызматкерлери келишкен. “Бул жерден кеткиле, туура эмес орунда отурасыңар. Документиңерди тууралагыла” дешип. Мына быйыл да келишти. Бу жердеги ар павильондун ээлери талап кылган тийешелүү документтерди баштан-аяк чогултушуп, биргеликте мэрияга барабыз, ал жердегилер ДУМИге, ДУМИдегилер главархитектурага, алар кайра мэрияга... бири-бирине жөнөтө беришип, биз дыкаттаган документтерибизди узартып коюшпайт. Алсак, биздин гезит базардын башында турган тамак-аш, азык-түлүк сата турган киоски бар. Анын баардык документтери бар, аларга уруксат берген, бизге бербейт, бу жагы түшүнүксүз. Ала турган болсо баарын алыш керек же баарына тийбесин.


Кубаныч Ашымалиев, гезит окурманы, күркө ээси:

-- Гезит базарга күн сайын келем. Өзүм күркө ээсимин. Физприбор аялдамасынынын түбүндө элем. Сатып алуучуларга өтө ыңгайлуу жай эле. Азыр тамдардын арасына көчүрүшүп, “шаардын көркүнө терс таасирин тийгизип атат” дешкен. Эми бул жерге да шаар башчылары тийишип жатышат. “Түп тамырынан алып салабыз” дешип. Бул өтө туура эмес. Элдин калың катмары ата-бабадан келаткан каада-салтты, үрп-адатты, нарк насилди гезит бетинен билип атпайбы! Мындан сырткары, ошол эле гезит бети аркылуу руханий азык алышып, жандүйнөсүн, эстутумун байытат эмеспи. Көздөрү өтүп кеткен залкарларды, акын, жазуучуларды, коомдук жана саясый ишмерлерди, эл артисттеринин чыгармачыл жолдорун билип атышат. Кыргыз эли байыртан урунган буюмдардын таржымалдары, бозүйдүн куралмаларын азыркы жаштар билишеби? Мына, кеп ошондо. Мунун баарын учурда гезит бетине жазылып жатпайбы...  


Ирина Стародубец, гезит базардагы күркө ээси:

-- Мен гезит базардын алып салынуусуна таптакыр каршымын. Биздин ушу жерде турганыбыз мыйзамсыз деген мааниде жок кылууну мэриядагылар айтып келишет. Кимге тоскоол болгонун айтышпайт. Чынын айтсак, бул жер гезит базар үчүн эң идеалдуу. Көмүскө жерде турабыз. Жаныбызда жайгашкан эл өтө турган тротуар бопбош. 20 жылдан ашуун коомчулукту маалымат менен камсыз кылып келебиз. Күркө ээлери, аны менен бирге республиканын булуң-бурчуна таркатуучу адамдар ушу жерде экенибизге көнүп калышты. Акимият, мэрия, ДУМИ баардык жерге барсак көйгөйүбүздү угушат, бирок бизди колдогон бир да уюмду же жетекчини ушу кезге чейин жолуктура элекпиз. Бир гана 300дөн ашуун ушу эле тегерек-четтеги окурмандар кол топтошту. “Гезит базар алынбасын, ордунда калсын” деген катты жогору жакка жазышты. 


Леонид Савенков, гезит базардагы күркө ээси:

-- Биздин гезит базарын эмнеге алганы жатышканы такыр мээме жетпей койду. Кайсы гана өлкө болбосун алдыга өнүгүп-өсүш үчүн адамдардын аң-сезими да жогору болушу керек. Адам маалымат менен толук кандуу камсыз болмоюнча алдыга жылуу мүмкүн эмес. Гезит базарда спирт ичимдиктери, тамеки сатылбайт. Ар бирибиздин күркөбүздө гезит-журналдардан сырткары, мектеп жашындагы балдардын акыл-эсинин жетилүүсүнө жакшы таасир бере турган окуу куралдары, эстутумдун чыйралуусуна көмөкчү болгон сканворддор, саламаттыгыңды ар дайым чыңдап жүрүүдө керектелүүчү пайдалуу кеңештер ж.б. адабияттар бар. Мунун эмнеси жаман? Булар болбосо коом деградацияга учурайт эмеспи. Кошумча катары айта кетейин, ушул гезит базардан гезит-журналдар республиканын баардык булуң-бурчтарына таркап турат. Эгер бу жердин ишмердиги кайсы бир себептерден улам токтосо, анда гезит-журнал жана башка басылмалар региондорго таркабай калат. А калганын айтпасак да түшүнүктүү болсо керек.  


Рахматулла Амиров, күркө ээси:

-- 24 жылдан бери Кыргызстан боюнча жападан-жалгыз ушу турган гезит базарында иштеп келем. 60 киши элек, алтообуз калдык. Шаар бийлиги “гезит базарды жок кылып, жол салабыз” деп атышат. Жолдун болгон узундугу 110 метр. Бул аралык шаардын тыгын маселесин чечеби? Күлкүң келет. Эң ириде гезит базарды алып салардан мурун бизге шаардын ылайыктуу жеринен жай салып берип, ошол жакка көчүрүп, андан кийин эмне кылса ошо кылышсын да. УТРКда билермандарды чогултуп алышып, талкуу жаратышты. “Кыргыз тили жардыланып атат. Эл гезит-журнал окубай калды. Бул көйгөйдү кантип чечсек болот?” деген темада. А бу жерден гезит базарды жок кылуунун амалын көрүшүүдө! Демек, бийлик оң колунун жасаганын сол колу билбей атабы? Мейли, “кеткиле” дешсе кетели. Бирок жер беришсин да. Ар бирибиздин үй-бүлөбүз бар, аларды багышыбыз керек. Ар бирибиздин артыбызда болбоду дегенде 20дан ашык оптовиктер бар, алар да тиричилик көрүшсүн. Эң оболу ушу жерибизди мыйзамдаштырып беришсин, анүчүн эмне деген документтер керек болсо, бүт баарын даярдап беребиз.


Токтобек аксакал, окурман:

-- Бул гезит базарды мен Лондондогу Гайд-парк менен салыштырам. Коомдун өнүгүү процессин ким канча гезит окуйт таризинен байкаса болот. Бийликтин гезитке карата терс маанайынын айынан көптөгөн басылмалар сот аркылуу же башка жагдайда жабылды. Сиздердин гезитке күчтүү аналитикалык материалдар чыгат. Конструктивдүү сын пикирлерди окуйбуз. Ар бир саныңарды чыдамсыздык менен күтөбүз. Анан мобу жердеги Рахматулла иним эч бир айлык албай, демөөрчүсүз эле гүл эгип, тегерек-четин тазалап, базарга келаткан чоң жолдун жээгин көркүнө чыгарып турат. Ушуну бийлик башындагы эки адам көрүп, өздөрү баа берип койсо дейт элем. Гезит базар элге кызмат кылат, жабуу акылга сыйбайт! Көнүп калганбыз. Коомдун келечегин ойлой турган адам болуп калса, жапкандын ордуна тескерисинче, гезит базарды кеңейтип, китеп, журнал сатыла турган, окурмандардын санын арбыта турган жай кылып койсо, ай-да сонун жарашмак да!


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер