Бактыбек Жумагулов, саясат талдоочу: “Адылбек Касымалиев тапшырманы гана аткарат”
-- Жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу?
-- “Жаңы өкмөт курамы” деп айта албайбыз. Себеби, өкмөттүн курамы эски эле бойдон калды. Президенттик аппараттын жетекчиси менен өкмөттүн төрагасы эле алмашты. Ал саясый фигура эмес, техникалык эле кадр. Аталган кызматка дайындалып жаткан Касымалиевдин убактылуу эле иштээри да айтылды.
-- Жаңы дайындалган өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иштин багытын башка нукка бура алабы?
-- Азыркы өкмөт президенттин саясатын ишке ашырат. Себеби, 1,5-2 жылдан кийин парламенттик, президенттик шайлоолор өтөт. Тагыраагы, жооптуу кызматтарга дайындалган кадрлар алдыдагы саясый күрөштөргө багытталышы мүмкүн. Жаңы дайындалган министрлер кабинетинин аракети кичи жана орто бизнести колдосо (!) деген үмүт бар. Себеби, шайлоодо ишкерлерге анча жага бербеген салык системасын өзгөртүп, жеңилдиктерди бериши мүмкүн.
-- Акылбек Жапаровду кандай тагдыр күтөт?
-- Акылбек Жапаров өкмөткө көмүскө салыктарды алып чыгууда кыйла аракетин жасады. Бирок, Бишкектеги төрт райондун салык кызматынын башчылары жана республикалык салык кызматынын жетекчиси, орун басары камалды. Башчылары суралып жатат. УКМКнын мындан аркы аракети алардын берген көрсөтмөлөрүнө жараша болот. Анткени, Камчыбек Ташиев коррупционерлер боюнча пресс-конференция берип атып, ушул маселелерге да токтолуп, кызматтан жөн эле кетпегенин кыйытты. Президент менен УКМК башчысынын сөздөрүнөн кийин коомчулукта “Акылбек Жапаров да камалабы?” деген ойлор байма-бай айтылууда. Бирок, камалар-камалбасы азырынча белгисиз. Аны тергөө чечет. Бирок, суракка барып, өзү жетектеген өкмөттүн ишинде демилге кылып алып чыккан ЭТТН, ККМ боюнча суроолорго жооп бериши мүмкүн.
Акылбек Жапаровдун суракка баруусу дагы мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси, анын орун басарынын көрсөтмөлөрүнө жараша уланат. Эгер алар “Акылбек Жапаровдун коррупциялык схемаларга тийешеси бар” десе, анда Акылбек Жапаров дагы суракка чакырылышы ыктымал. Ошон үчүн анын камалар-камалбасын салыкчылардын көрсөтмөсү, анан тергөө чечет. Бирок, “элчи болот” деген сөз өтө чоң суроо жаратууда. Салыкчылар ага каршы көрсөтмө беришсе, жакын арада элчи болбой калышы дагы мүмкүн.
-- Бүгүн ишке киришкен Адылбек Касымалиев кайсы багытта иштейт?
-- Адылбек Касымалиев президенттин аппарат жетекчиси, өкмөттүн төрагасы катары президенттин саясатын андан ары жүргүзөт. Парламенттик шайлоого дайындоо боюнча техникалык иш аракеттерин колго алат. Жалпысынан тапшырма гана аткарат. Конституция боюнча Кыргызстанда президенттик башкаруу. Ошондуктан баардык багыт боюнча буйрукту президент берип турат.
-- Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев салык боюнча чуулгандуу иште "Касымалиевдин да жоопкерчилиги бар экенин" айтты. Бул жагына кандай дейсиз?
-- Жанар Акаев саясый аспектиде сүйлөдү. Негизи юридикалык аспектиден караганда, камакта отурган салыкчылар көрсөтмө берсе, далилдер жетиштүү болсо, юридикалык жактан дагы тийешеси аныкталса, анан жоопкерчилиги тууралуу сөз кылсак болот.
-- Президент да Акылбек Жапаров салыктагы катачылыктары үчүн кызматтан кеткенин билдирди. Мындан ары президент Акылбек Жапаровду коргобойбу?
-- Бул маселени президент Акылбек Жапаровду коргойбу же коргобойбу (?) деген жактан карабашыбыз керек. Эгерде Акылбек Жапаровдун күнөөсү кашкайса, аны коргоп калганга президенттин дагы алы келбей калат. Күнөөсү жок болсо, ага эч ким тийише албайт. Эң башкысы, укуктук баа берилиши керек. Кимде-ким коррупциялык иштерге аралашса, ал кимдин жакыны экенине карабай жоопко тартылары эскертилген, аны элдин баары билет.