Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: “Деградация” дегенге оозум барайт, бирок коомдо бир жаман бир нерсе болууда”

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: “Деградация” дегенге оозум барайт, бирок коомдо бир жаман бир нерсе болууда”

10-январь, 02:41
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза эже, жаш келиндер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, күйөөлөрү  тарабынан сабалып өлтүрүлгөн эки кейиштүү окуя боюнча кандай ойдосуз?  

-- Эми мындай окуялар бир эле күндө болбойт да. Буга чейин Жалал-Абадда да күйөөсү төрт баласы бар келинди жыйырмадан ашык жолу бычак менен сайгылап өлтүргөн. Мага тууган болуп кетет. Ага чейин да күйөөсү сабап, көп жолу качкан экен. Бирок, туугандары “төрт бала менен кайда бармак элең?” деп болбой эле жараштарышкан. Жогорудай айтканымдай, мындай окуялар бир күндө болуп кетпейт. Кол көтөрүп, уруп-сабап, андан кийин барып-барып ушундай кайгылуу окуяларга алып келип атат да. Баткенде болду, Кочкордо болду. Ошон үчүн уруп-сабоо болгон жерлерде коом да кайдыгер болбошу керек. Жакшысы – ажырашып эле кетиш керек. Аялдар күйөөсү жок деле жанын багып кетет. Балдар деле жетим калбайт. Мына азыр үч үй-бүлөдө апалары өлүп калды, аталары камалды. Эми балдарынын көргөн күнү не болот? Андан көрө ажырашып эле кеткени жакшы эмес беле? Бизде эки-үч бала менен ажырашканды намыс көрүп, кээде өзүбүз да ошого шарт түзүп коёбуз. Эркектин колу бир-эки жолу тийгенден кийин эле ажырашып кеткени туура. Мен азыр эле кочкорлук келиндин агасы менен сүйлөшүп, кабыргам кайышып отурам. “Мурда эле колу тийчү” дейт. Кошуна-колоң, кайын журту билбеди дейсиңби? Билишкен да. Билип эле “боло берет” деп коюшкан. Араванда апасы каза болуп калса, күйөөсү жыл бою өзүнүн жашы жетпеген кызын зордуктап жүрүптүр. “Деградация” дегенге оозум барайт, бирок коомдо бир жаман бир нерсе болуп атат. 

-- Анда сиздин баамыңызда, бул бирин-экин эле окуя эмес, жалпы коомду чулгаган илдет сыяктуу турбайбы?

-- Ооба, оору бул. Географиясын карсаңар, Баткен, Нарын, Ош, Көл – бүт баардык жерде болуп атпайбы. Бул эми элге билингени. Коомго чыкпаганы канча? Динге ашынып фанат болуп, аялдарды экинчи сортко чыгарып койгонубуздун да таасири болуп атат окшойт. Экинчи жагынан эркектер көп психологиялык сокку алат. Бирок, алар реабилитация дегенди билбейт, психолог дегендерге барбайт. Бул көңүл бөлүп, терең изилдей турган маселе. Бул бир эле эркектин зөөкүрлүгү эмес, дегеле коом кайсы жакка баратат?.. Ошол Кочкордо төрт баласы менен өлтүрүлгөн аялды күйөөсү жиликтебегени эле калыптыр. Башканын баарын жасаптыр. Жалал-Абадда болгон окуяда да кылбаганды кылган экен. Көзүн оюп, тилин кесип салыптыр... Ошого бир күндө барбайт да. Балким, чегип алгандыр... Өзүбүз да түшүнбөй калдык. Ошон үчүн жалпы коом ойлонушу керек. Аялдарга семинарлар өткөрүлүп, психологиялык жактан жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ал эми эркектерге көңүл бөлүнбөйт. Акча тапканы бар, таппаганы бар. Ошон үчүн мунун баарын терең караган, эркектерге да психологиялык жардам берип, жашоого үйрөткөн мамлекеттик программа керек. Биз донорлор менен иштешип, каражат таап келип атпайбызбы. Алар “аялдарга” десең бере беришет. Бирок, азыр эркектер да ушундай көнүл бурууга муктаж. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер