Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Япониялык инфекционист вирустун экинчи толкуну коркунучтуу болорун айтты

Япониялык инфекционист вирустун экинчи толкуну коркунучтуу болорун айтты

08-июнь, 12:12
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Япониядагы белгилүү инфекционист дарыгер Акихиро Сато дүйнө жүзүнө кучагын кеңири жайган коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдуулугун 90 пайыз деп баалады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, экинчи толкун качан болорун так айтуу азырынча мүмкүн эмес. Бул вирустун экинчи толкуну күз же кыш айында болуу ыктымалдуулугу жогору. Бирок экинчи толкун жайында болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Акихиро Сато жай мезгилинде вирус жоголуп кетет деген пикирге кошулбай тургандыгын билдирген. Себеби, аба ырайы ысык болгон Азиядагы Таиландда, Түштүк Америкадагы Бразилияда коронавирус катталып эле жатат. Аптаптуу мезгилде вирус жоголот, же экинчи толкуну болбойт деп айтууга болбойт. Абанын температурасы вирус менен тийешеси жок дейт ал.

Дарыгер коронавирустун экинчи толкуну коркунучтуу болорун айткан. “Дүйнөдөгү калктын көпчүлүгү бул илдетке кабылган жок. Вирустун экинчи толкунуна туруштук берип, аны жеңип чыгуу үчүн медициналык кызматкерлер койгон талаптардын баарын так сактоо керек. Ар бир жаран өзүн-өзү изоляция кылып, эл көп топтолгон жерден колдон келсе оолак болуу шарт. Коомдук жайларга барганда сөзсүз беткап тагынып, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо керек. Ошондой эле социалдык аралыкты сактоо дагы өтө маанилүү” деген Акихиро Сато.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер