Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » Коронавирус азаюуда, бирок өлүмдөр бар
Коронавирус азаюуда, бирок өлүмдөр бар
16-март, 11:47

Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы беш адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – үч киши. Чүй менен Талас облусунда бирден адам, калган аймакта жаңы учурлар катталган жок.
Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2975 адам каза болуп, 196 миңге жакыны сакайып чыкты.
Ушул күндөрү 121 бейтап ооруканада, 140 адам үйүндө дарыланууда.