Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер: “Инвесторлор келе турган мамлекетте журналисттерге, басма сөзгө кысым болбошу зарыл”

Рамазан Дырылдаев, коомдук ишмер: “Инвесторлор келе турган мамлекетте журналисттерге, басма сөзгө кысым болбошу зарыл”

15-июнь, 12:00
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рамазан агай, маалымат майданындагы соцтармактардын таасирине, ишеним жаратуусуна кандай ойдосуз?..

-- Жаңы нерсе адегенде дайыма таасирдүү да. Анан ар түрдүү ыкмалар жаралат. Кээ бирөө атаандаштыкка чыдай албай жок болот. Кыскасы, күчтүүлөрү калат. Соцтармак ушундай, мезгилдин агымына жараша улам жаңысы чыга берет.

Илон Маск твиттерди сатып алып, түздөн-түз Трампты колдоп жатат. “Трамп шайлоодо жеңишке жетсе, Путинге пайда болот” дегендер тынчсызданышууда. Кыскасы, соцтармактар өнүп-өсүп, өзүнчө коомду ойготкон чоң айлампага айланууда. Менимче, соцтармак жакын арада жок болбойт. Улам жаңылана берет.

-- Миллиарддаган инвестициялар кошуна өлкөлөргө барууда. Эмнеге биз мындай ийгиликтерден аксап калдык?

-- Кыргызстанга инвестиция келиш үчүн эл аралык аренада бекитилген тартипти, эң негизгиси, демократиянын нормаларын сакташ керек. “Инвесторлорго стабилдүүлүк болот” деген жана аларды мыйзамдар менен коргогон кепилдик керек. Ошондой эле инвесторлор келе турган мамлекетте журналисттер камакка алынып, басма сөзгө кысым болбошу зарыл. Азыр “инвесторлорго шарт түзөбүз” дешип, аларды коргогон мыйзамдарды жазуу демилгесин көтөрүшүүдө, бирок дүйнө коомчулугу астында “кемпирабадчыларды”, журналисттерди тобу менен камашканы талкууланууда. Баса, “Чет элдик агенттер” деген мыйзамдын кабыл алынышы да кирешенин келишин азайтат. Мыйзам кабыл алып жатканда пайдасын, зыянын эске алганыбыз оң. Кыскасы, келе турган инвесторлор мына ушундай нерселердин баарына маани берет. Ошон үчүн демократиянын нормаларын сактоого, адам укугун коргоого аракет кылышыбыз зарыл.

Туура, Кытай, Россия дагы инвестор. Алар менен да кызматташканыбыз оң. “Аларга жагабыз” деп башка мамлекеттерди чочулаткан чечимдерди кабыл албашыбыз керек. Кытай менен Россия акча салышса, зарыл учурда басым кылып коюшат. Кытай Африканын көп жерин алып койгон. Биз мактаган орустар дагы кошуна өлкөсүн жок кылууга баратат. Ошон үчүн эртеби-кечпи мамлекет залакасын тартпай турган чечимдерди кабыл алганыбыз туура.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер