Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Калбырлуу” Улан Султановдун көздөгөнү министрлик креслобу?

“Калбырлуу” Улан Султановдун көздөгөнү министрлик креслобу?

11-ноябрь, 18:56
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султанов таасирдүү фигурага айланып баратат. Капчыгы калыңдап, сөзү өтүмдүү болуп дегендей. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев ишинен аксап атса, анын ордуна №1 талапкер катары тар чөйрөдө болжонуп, шымаланып калган кези экен. 

Артка кылчайсак, Улан Султанов Октябрь РИИБнин начальниги кезиндеги ишмердиги талданып, башкы прокуратура тарабынан иликтөөгө алынып, 25 кылмыш иши козголгону эсиңердеби? ЖМКларга чыккан. Жок иштерди фальсификация жасоо менен козготуп, көз будамайлаган эмес беле? Эмне үчүн бул жагы аягына чейин тергелбей, “бармак басты, көз кысты” менен калып кетти? Пул ойнодубу? 

Учурда Улан “баатыр” чоңдорду “чүлүктөгөн” жагынан алдыга озуп, таасирдүү кызмат адамдарын колго алып, дагы да карьералык өсүш жасоого белсенгендей. Бутуна катуу турганын кесиптештери эле таңгала айтып жүрүшөт...

Эсиңерге жара чыкпаса, 2010-жылы Алымбай Султановдун кудасы Алмазбек Атамбаев бийликке келип, ошондон тарта Улан Султанов ата баркы менен РИИБ орун басары, начальник тепкичтерин тездик менен басып өткөн. “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” демекчи, жасалма жолдо, колдогон кожонун артынан өсүп келди. Атамбаевдин бийлиги космостук секирик жасаткандай, кызматтык тепкичтерди белек катары тартуулады. 

Учурда өзү жерден боор көтөрүп, чиренген шефтердин колтугуна кирүүнү кыйла үйрөнүптүр. Мындай кадрлар жерде калбайт, өйдөлөй берет. Себеби, кошоматка кой сойсо, алдуунун астында ийиктей чимирилсе, капчыгы калыңдап баратса, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” деген замандын образын берип атпайбы. А түпкүрүнөн алганда, жөн жерден эле министрлик креслого ашыкпаса керек да, туурабы? Генерал болууну самаган солдат икаясындай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер