Шерик Рыскулов прогрессивдүү юрист окумуштуу, мыкты педагог, профессионал мамлекеттик кызматкер эле
Абай салып караган адамга бу өмүр дегендин өзү бир көз ирмемдей эле таасир калтыргансыйт. Жарык дүйнөгө келген соң адамзат тамтуң басып, эне мээримине бөлөнүп, бул ааламды тааныйт, айлана-чөйрөдөн таасир алып, алдына зор максаттарды коёт. Алыска сабалап учат. Канында катылган дарамет-жөндөм, өнөр-шыктын аркасында тирлик улайт. Билимге ынтызар болгону окуп кесипке ээ болот. Үй-бүлө күтөт, уул-кызды тарбиялайт. Кагылып-согулат. Бирде жыгылып, бирде туруп чыйралат. Турмуштун ак-карасын айра тааныйт. Анан инсандык ыйык парзды так өтөйм деген акылга мол адам мекен алдында өз милдетин өтөп туруп, өмүрдөн учат...
Бир караган адамга мына ушунун баардыгы узак жылдарга созулгандай. А аныгында, көртирлик көйгөйү, тоскоолдуктардан майышпай аттап өтүп, бийик эркке, эмгекке шыктанган пенденин бул ааламда сүргөн жашоосу көзгө илешпей бачым учуп өтөт.
Ошондой бул өмүрдөн эрте көчкөн менин илим, билимдеги, мамлекеттик кызматтагы шакиртим, бирге иштеп эмгектенген жүздөгөн илимий-педагогикалык, мамлекеттик кызматкерлердин асыл кесиптеши Рыскулов Шерик Дүйшөнбекович.
Шериктин мегилсиз дүйнөдөн өткөнүн угуп, кабыргабыз кайышып, ээрдибизди тиштеп отуруп калдык. Ооба, ажал улук, бирок Шерик өлөөр адам болсочу... Ал жашооого тойбой, кайрат күчү, акылы, интеллектуалдык көрөңгөсү баардык жагынан толуп-болуп турган кези эле.
Мезгилинде улуттук университеттин юридика факультетине кирип, ийгиликтүү аяктаган. Жогорку окуу жайды мыкты бүткөн тың жигит ошол жерде калып, жаш кадр, келечектүү илимпоз-педагог катары өзү бүткөн окуу жайда иштеп такшалды. Анын илимге болгон кызыгуусу, алдыга койгон чоң максаттарын ишке ашыруу үчүн Россия Федерациясынын Казань Федералдык университетине аспирантурага өтүүгө үндөдү. Ошентип, совет мезгилиндеги илимге умтулган жаштар сыяктуу ал дагы Татарстандын бир кезде Ленин атабыз билим алган университетинин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө өтүп, 3 жылдык мөөнөттө илимий ишин ийгиликтүү аяктап, көп өтпөй эле кандидаттык диссертациясын коргоп, юридикалык илимдин кандидаты деген даражага ээ болду.
Соңунда кайрадан өзү билим алып бүтүргөн улуттук университеттин юридикалык факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасына окутуучу болуп ишке алынды. Мен кафедра башчы элем, Шерикке кандай гана ишти тапшырба, баштаган иштин өтөөсүнө чыкканча жаны тынчу эмес. Кийин юридика факультети институт болду, Шерик институтта директордун орун басары болуп иштеп, анын алган билими, илимий-педагогикалык жөндөмү андан аркы мамлекеттик кызматта иштөөгө өбөлгө түздү.
Ал өзүн мамлекеттик кызматта да сынап, КР мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын жардамчысы, бөлүм башчынын орун басары, кийинчерээк бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарды да аркалады. Тактап айтсак, КР ЖК депутатынын кеңешчиси, КР финансы министрлигинде, юстиция министрлигинде, саламаттык сактоо министрлигинде улам жогорулоо менен мактоого татырлык эмгектенген эле.
Ошентип, Шерик Дүйшөнбекович мамлекеттик кызматты да камчы салдырбай, мыкты, кесипкөй юрист катары иштөө менен бирге илимий-педагогдук кесибин да таштаган жок. Ар дайым мамлекеттик кызмат менен айкалыштырып, окутуучулукту да, илимий изденүү иштерин да чогуу алып жүрдү. Ал бизди таштап кетпегенде, жарым жыл мурда юридикалык илимдин жарандык укук боюнча доктору болмок...
Шерик Дүйшөнбековичтин азыркы жаштардан дагы бир чоң артыкчылыгы – анын ата-энеге, өмүрлүк жарына, бир тууганга жана балдарына болгон камкордугу өзгөчө болчу. Ошондой эле ким кандай маселе менен кайрылбасын, уга билип, чын дилинен жардам бергенге аракет кылчу. Өзүнүн иши канчалык кайнап турса дагы убакыт таап, суранган маселени, айрыкча кесиптештери болобу, курсташ досторубу, айтор, анын жапакеч, кичипейил сапаты менен дайыма акылдуу чечим, жол көрсөтүп берер эле. Азыркы заманда мындай асыл сапат чанда гана кездешет.
Аттиң, өлүмгө арга жок тура. Шерик биздин эстутумубузда прогрессивдүү юрист окумуштуу, өз кесибин мыкты билген педагог, профессионал мамлекеттик кызматкер, ал эми үй-бүлөдө үлгүлүү ата, камкор жар, ата-эненин татыктуу уулу катары кала берет.
Кош бол, Шерик! 20 жылдан ашык бирге ак жана так иштештик, өзүңдөй азаматтар чын дүйнөгө да керек болгон чыгаар... Жаткан жериң жайлуу, ыйманың өзүңө жолдош болуп, Жаратканым сага бейиштен жай берсин!
Агайың Чолпонкул Арабаев, КР УИАсынын академиги, юридика илиминин доктору, профессор
"Азия Ньюс" гезити