Акыркы кабарлар
» Саясат » Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар жөнөтөбү?
Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар жөнөтөбү?
30-сентябрь, 12:30
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Венгрия Кыргызстанга 50 миллион доллар кредит берүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу маалыматты президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынган.
“Бүгүн тарыхый күн. Биз Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда эки тараптуу өнөктөштүк боюнча келишимге кол койдук. Мындай чечим эки өлкөнүн тең жарандары үчүн маанилүү болуп саналат. Биз эки тараптуу мамилебиздин маанилүү баракчаларын кайрадан ачып, алакабызды жандандырдык” деп белгилейт Сооронбай Жээнбеков.