Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Министр Таалайбек Ибраевдин тарифти көтөрүү саясаты туура эмес”

“Министр Таалайбек Ибраевдин тарифти көтөрүү саясаты туура эмес”

17-июнь, 21:06
431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Электр энергиясына көтөрүлгөн тариф карапайым элге оорчулугун тийгизбейби? Бул министр Таалайбек Ибраевдин катачылыгы эмеспи?


Союзбек Ибраев, жеке ишкер:

-- Бул “таяктын эки учу бар” дегендей эле кеп. Эгемендик алган жылдан тарта энергосектор эмнени гана башынан кечирген жок. Базар экономикасына киргенге 35 жыл болуптур. Андан бери электр энергиясын колдонуучулар жыл санап көбөйгөндөн көбөйүп атат. Учурдун талабы жана эсил кайран СССРден калган жабдуулар болушунча эскирди, жетчү жерине жетти. Алардын баарын түп-орду менен алмаштырыш керек. Заман өзгөрдү, чыгарылган электр энергия жетишпей калды. Анткен менен келтирилен дооматтар негизинде туура эле деп ойлойм. Карапайым элге оорчулугу тийип атат. “Таяктын экинчи учун” мисал кылгандай, министрдин да иш алпаруусунда кемчиликтер жок эмес.

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Мурунтан президенттин “электр энергиясынын баасы мындан ары көтөрүлбөйт” деген сөзү бар эле. Муну энергетика министри убакытты өткөрүп, электр жарыгына болгон тарифти, бааны, “эми жайында эл эс алууга кетип, биротоло унутуп калат” деген таризде атайылап электр энергиясын көтөрүп жатат. Эгер ушинтип отурса, азыркы болгон саясатка элдин нааразычылыгы күчөп, чоң жаңжалга алып келүү багытына түрткү берип коюшу мүмкүн. Негизи, "суунун башындагы адам суранбайт" деген элдик макал бар, а биз болсо суунун башында туруп алып, ылдый жактагы элден суранып жатабыз. Парадокс! Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тарифти көтөрүү саясаты жана элге болгон талабы туура эмес деп эле айтам. Министрдин мындай кадамдарын карапайым элдин бирөөсү да жактырбашын билем. 

Расул Умбеталиев, энергетика эксперти:

-- Кыргызстан эгемендик алгандан бери ар бир өлкө жана өкмөт башчысы энергетика тармагындагы электр жарыгына болгон тариф саясатына өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Ар бир шайлоого аттанган президент же өкмөт башчы эл алдына чыгып, электр тармагын саясый өңүткө айлантып, “эгер мен шайланып калсам, светке тарифти көтөрбөйм. Карапайым элге кыйынчылык жаратпаш үчүн өзгөртүүсүз калтырам” деп убада берип келген. Убада убада бойдон калууда. Министрлер кабинети менен энергетика министринин каталары эмнеде? Социалдык тарифти эң жогорку – 23,8 пайызга көтөрүп салды. Мындан сырткары, инфляциянын негизинде жыл сайын 20 пайыз кошулуп кетип атат. Тариф саясатын жүргүзүп жаткан Таалайбек Ибраев жетектеген энергетика министрлиги бааны көтөрөрдөн мурда ошол эле карапайым элдин, пенсионерлердин, социалдык жөлөк пул алып жаткандардын, мамлекеттик ишкана кызматкерлеринин мамлекеттен алган маянасын индексация кылуу керектигин министрлер кабинетине айтып, сунушун киргизип, аны иш жүзүнө ашыргандан кийин гана электр жарыгына карата тарифти көтөрүшсө жарашмак. Бизде андай болгон жок. Катачылык кетти. Жер каймактагандан бери самырдай какшап келем, “тарифти көтөрүү саясатында өтө көп мүчүлүштүктөр бар” деп. Алсак, бизде, Кыргызстанда алтын кенин казган компаниялар, майнинг кампаниялар, темир эриткен, алкоголдук ж.б. кирешелүү ишканалар көп. Мына ушуларга эмне үчүн тариф жогорулатылган эмес? Ошол эле учурда алыскы райондордун элине тариф төмөн эмес. А эмне үчүн час-пик эске алынбайт? “Эртең мененки саат 7ден 11ге чейин жана кечки 7ден 11ге чейин” делбейт? Мына ушундай катачылыктар толтура...   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер