Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйүп жатат

Бишкекте COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйүп жатат

17-июнь, 07:22
736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалыматка караганда, акыркы бир суткада эле коронавирус жана пневмония менен жабыркаган 257 адам аныкталган.

“Бүгүнкү күндө борбор калаада 4802 адам медиктердин көзөмөлүндө турат. Алардын 1801и вирус жуктуруп алганын ПЦР-тест тастыктады. Дагы 3001 киши үй карантининде” деп айтылат маалыматта.

Акыркы сутка ичинде “тез жардам” кызматына 609 адам кайрылса, анын 135и ооруканага жаткырылган. Коронавирус 29 адамдан, пневмония 56 кишиден табылса, үч киши сасык тумоолоп жатканы аныкталган. Борбор калаада 23 медициналык мобилдик бригада иштеп жатат. Ошондой эле коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 1165 койка даярдалган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер