Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясын ким түзгөн?

Кылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясын ким түзгөн?

29-июнь, 13:36
3 006 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

...“Чөнтөк президенти” Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келип, андан кийин эл аралык деңгээлдеги аферист Б.Бирштейнди таап келип, алардын жардамы менен премьер-министр Насирдин Исановдун “көзүн тазалашып”, андан кийин Кумтөр алтынын каалашынча “майкандаган” жазуучу Чыңгыз Айтматовду баары билгени менен ачык айткандан жийиркенишеби? Бир чети советтик системадан, коммунисттик партиядан өч алган “эл душманы” мамлекетти, элди талкалап жатканын карапайым кыргыздар түшүнө алган эмес. Жөн гана анын кооз сөздөрүнө ишенип, улуттук баатырга айлантып алышкан. Ал кезде ким ачуу чындыкты айтса, аны келесоо катары санап коюшкан. 

1995-жылы “Республика” гезити аркылуу эки жолу, Зайнидин Курманов бир жолу кайрылуу жасап, А.Акаев менен болгон былыктарынын четин чыгарганда жооп берүүгө аргасыз болгон. Берген жообунда Кыргызстан, кыргыз эли ага керек эмес экени айтылган. Мурда пенсионерлердин арасында кезек күтүп, жазуучулук гонорары менен жан сактап жүргөн жазуучу “чөнтөк президенти” аркылуу акчага,  алтынга ээ болуп, Кыргызстанда жашабай калган. Өзүнүн маани-мазмуну жок чыгармаларын миллиондогон нуска менен көбөйтүп, баардык тилдерге котортуп алган. Орустар “много шума из ничего” дешсе, кыргызча “бош челек баарынан катуу даңгырайт” болуп атагын чыгарган. Ошентип мамлекетке, элге, жерге карата болгон “арамдыктын” азабын кыргыз эли көрүүдө. Бечара кыргыздар миллиондоп тентип кетишсе, калгандары өлбөстүн күнүн, кыйынчылыктардын түрлөрүн көрүштү.

Жогоруда айтылгандай, пенсионерлердин арасында кезек күтүп, жазуучулук гонорары менен жан баккан адам акча каражатына аябай муктаж болгон. Кудай жалгап, анын бактысына СССРдеги кайра куруунун башында турган М.С.Горбачёв туш болуп, экөөнүн кызыкчылыгы бир жерден чыккандыктан, анын советниги болуп алган. Кудум эле илгерки орус падышасына кеңеш берип турган “гнилой и тупой мужик Распутиндин” өзү болуп калышкан. “Распутин тоже писал свои белиберда” деген жерлери бар. Советтик системадан, коммунисттик партиядан атасынын өчүн алган жазуучу М.С.Горбачёвдун жардамы менен Т.Усубалиев, А.Масалиевди алып ыргытып, алардын ордуна аялынын жетегинде жүргөн А.Акаевди президенттикке алып келген. Н.Назарбаев Казакстанды, И.Каримов Өзбекстанды сактап калышса, “эл душманы” башкарып алган Кыргызстан болуп көрбөгөндөй кыйроого учурады. “Эл душманы” жек көргөн коммунисттик партия, саясый-экономикалык система, жеңил, оор өнөр жайлары, завод-фабрикалар, колхоз-совхоздар, айыл чарба, мал чарбасы жана башкалары атайылап жок кылынган. Баарын таркатып жок кылып, ишсиз калган кыргыз эли туш-тушка чачырай баштаганда аябай ыраазы болуп, атасынын өчүн толугу менен алганын айтканбы?

Элге карата болгон жек көрүү сезими бала кезинен башталып, атасын эскерген энесинин наалыганын уга берип, “мы хорошие, а все остальные враги” деген түшүнүк түбөлүк орноп калган. Саясат-геосаясаттан таптакыр түшүнүгү жок болуп калган себеби, айыл чарба институтунда окуп жүргөндө өзүнүн чыгармаларын жазып, окулуп жаткан лекцияларды угуп да койчу эмес экен. Жыйынтыгында, илим-билими жок “мужик Распутиндин” деңгээлинде кала берген. Марксизм-ленинизм, илимий коммунизм, политэкономия сабактарынан эч кандай түшүнүгү жок болуп туруп саясатка аралашып алган. Ошол себептен АКШ баш болгон капиталисттердин жетегинде калышып, алардын айткандарын ашыгы менен аткарып турушкан. Ошол эле 30 жыл аралыгында марксизм-ленинизм менен чоңойгон В.Путин, Си Цзиньпин саясат, экономика, идеология, геосаясатты капиталисттерге караганда жүз эсе өйдө билген үчүн улуу державаларга айланышты. 30 жылдан бери капиталисттер орноткон “өзүн-өзү жок кылуу системасын” аткарып коюп жүрө берген “эл душмандары” кыргыз мамлекетин оор абалга алып келип, кыргыз элинин шоруна калышты. Ошондуктан, “эл душмандары” жазага тартылып, катачылыктарга жол берилбеши керек! Кыргыз бийлигине элин, жерин сүйгөн патриот адамдар келишип, тазалануу процесси жүрүшү зарыл.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер