Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Инвестициялык климат учурда жакшы эмес

Инвестициялык климат учурда жакшы эмес

15-апрель, 12:10
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков “Sputnik Кыргызстан” радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.

Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясый-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясый-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч деди Сыдыков.

Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер