Айгүл Айдарова өзүнө эле эмес, депутаттарга да шек келтирүүдө

“Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дейт. Анын сыңарындай, депутат Айгүл Айдарова моралдык жактан “аксаганы”, этикадан сырт кеткен мүнөзү, тескери сүйлөгөнү, жүрүм-туруму, айтор, жалпысынан дайыма талкууга айланып, коомчулукту ичиркентип келатат го?
Кызык. Бир убакта “алагүү” абалында МАИ кызматкерлерине түшүп, айкырып, концерт койгону эсиңерде да. Видеолору жайнап чыккан. Үнү да ачуу экен. Үркүтүп жиберет. Көз караштары акшыңдаган образда. Ал эми айта жүргөн сөздөрүн, лексиконун талдабай эле коёлу. Элибиз деле билип калды. Жыйынтыгында, ал өзүнүн эле кадыр-баркын төкпөй, коллегаларына да шек келтирип, жалпы парламенттин атына көө сыйпап келатканы жалганбы? Ансыз да Жогорку Кеңештин аброю кетип, “жосунсуз” жолго түшкөндө, огобетер абийир төгүү жагынан атаандашып жатышабы? Айтор, түшүнүп болбойт. Аныгында, Айгүл Айдарова депутаттарга да “кара тагын” шыбап кеткендей элес калтыра баштадыбы? Ооба, коомчулук баа берүүдө.
Айтмакчы, мандат алып берген лидери Адахан Мадумаровду да сатып кеткени кандай? Байыркыдан бери алганда, чыккынчыларга жаза оор боло келген, жер карашса, а азыркы саясаттачы? Сыягы, Айгүл Айдарова “автопортретин” кейиштүү көрүнүштө тартып жаткан чагы...
"Азия Ньюс" гезити