Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Аляева: “Эсен медицинадагы башаламандыктын курмандыгы болду”

Динара Аляева: “Эсен медицинадагы башаламандыктын курмандыгы болду”

16-февраль, 10:44
1 651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсенге он сегиз жашында курч лейкоз дигнозу коюлган. Жашоо үчүн далалаттанып, жашагысы келген 23 жаштагы жигит 25-январдын таңында каза тапкан. Далай өмүрлөрдү сактап калган “Жардамдашуу оңой” фондусунун төрайымы Динара Аляева Эсенди сактап калууга колдон келген аракетин көрүп, бирок дарыгерлердин кайдыгерлигинен, текебердигинен жаш жигит өлүмгө учураганын, ал өлүм үчүн айрым медицина кызматкерлери жооп берүүсү керек экенин айтып өттү.

-- Динара айым, оор дартка чалдыккан Эсен Максат уулунун айыгып кетүүсү үчүн көп аракеттерди көрдүңүз. Бирок ажал алып тынды. Медицинадагы башаламандык, кайдыгерликтин жүзү даана ачылгандай болду....

-- Эсен рактан эмес, дарыгердин шалаакылыгынан, медицинадагы башаламандыктан каза болду.

Эсен экөөбүз ооруканадан таанышканыбызга эки ай болгон. Ал 25-январдын таңында каза болуп калды. Ал оорудан кийин феникс сыяктуу кайрадан жаралууну, жашап кетүүнү каалаган. Бирок, тилеги аткарылбай кетти. Аны рак илдети эмес, дарыгердин кылмышкердик шалаакылыгы, текебердиги жана сабатсыздыгы өлүмгө учуратты. Ал болгону 23 жашта эле...

 2020-жылдын 26-ноябрында Максат уулу Эсен мага кайрылып, “кладрибин” аттуу дарыны таап берүүнү өтүндү. Мен дарыны жана аны жеткирип бере турган байланыштарды интернеттен таптым. Ага ал “мынча убакыт жана каражат жок” деп жооп берди. Мен Фейсбуктагы баракчам менен кайрылып, бир күндүн ичинде биз керектүү сумманы, болжол менен 600 миң сом чогулттук. Мен Эсенге шыпаа табууга жардам бере баштаганда, гематология бөлүмүнүн башчысы Ш.Жусупованын мамилеси тууралуу уга баштадым. Ал башка дарыгерлерге жол бербей, ошол эле учурда анын дарылануусуна көңүл бурбасын айтты. Эсендин атасы да “кладрибин” дарысы кымбат экенин айтып, “бул дарыны табыңыз же жаназага даярдана бериңиз” деген ачуу сөздөрдү укканын айтканда, төбө чачым тик турду. Алар Эсенди ооруканага жаткыралбай, гематология бөлүмүнүн башчысына эчен курдай жалдырагандарын, он күндөй убакыт аралыгында эч ким көңүл бурбай, Эсен өзүнө өзү ооруну басаңдатуучу уколдорду куюп, ооруканда жашаган күндөрү болгонун да уктум.

-- Диагноздор да туура эмес коюлган тура... 

-- Эсенди дарылоо ыкмасы да жаңылыш болуп чыккан. Анын дарылануусу эч кандай дарыгерлер кеңешисиз уюштурулуп, оор абалга учуроосуна себепкер болду. Эсенди курамына эл аралык дарыгерлер кирген курам онлайн дарылашты. Бирок, кеч болуп калыптыр. Буга чейинки дарылануусуна атайын комиссия түзүлүп, күнөөлүүлөр өз жазасын алса деп тийиштүү жерлерге, саламаттык сактоо министрлигине кайрылып отурабыз.  

Эсен 2020-жылы ооруканага түшкөндөн бери оорусу менен бирге кайдыгерликтин, шалаакылыктын запкысын тарткан. Медицинасы алсыз, башаламан өлкөбүздө жүздөгөн балдар мындай тагдырга дуушар болуп келишет. Эсен биздин медицинада болуп жаткан башаламандыктын курмандыгы болду.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер