Акыркы кабарлар
» Коом » Рубль кескин түрдө көтөрүлөбү?
Рубль кескин түрдө көтөрүлөбү?
30-март, 11:57

Россиянын президенти В.Путин жаратылыш газын Европага рубль менен сатарын билдирди. Путиндин күтүүсүздөн коюлган талабына Батыш Европа кандай жооп берет? Ооба, алгачкы реакциялары белгилүү, маселен Германиянын жетекчиси Олаф Шольтс анын өлкөсү газды эч качан россиялык рублга сатып албасын билдирди. Бирок, айтылган сөз менен практикалык иш дайым эле дал келе бербейт. Эксперттер Батыш Россиянын газына көз каранды экенин айтышууда. Демек, акыры бир чечим кабыл алынышы керек. Же Батыш рублге сатып алганга көнүш керек, же Россия эл аралык валюта менен сатышы керек. Бул жакынкы келечектин иши. Өтө тирешүүгө бай татаал сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Эгерде Путиндин максаты орундалып кетсе, рубль дагы күчтөнөрү турган иш. Албетте, биздин миллиондон ашык эмгек мигранттарыбыз үчүн абдан жакшы. Буга чейин рубль кескин арзандап, 80 тыйынга чейин түшкөн. Россияда эмгек мигранты 20 миң рубль салган болсо, сомго айландырганда 16 миң сом гана болуп, мигранттардын эмгегинин акыбети кайтпай калган.