Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамирахан Чыныева: “Кызамык – балдардын ден соолугуна көп коркунуч жаратат”

Дамирахан Чыныева: “Кызамык – балдардын ден соолугуна көп коркунуч жаратат”

19-апрель, 19:30
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда балдар арасында кызамык дарты күч алганы байкалууда. Аталган оорулар боюнча КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, жогорку категориядагы дарыгер Дамирахан ЧЫНЫЕВА ой бөлүшөт.

-- Кызамык оорусу тууралуу кененирээк токтолсоңуз?

-- Кызамык оорусун вирус козгойт. Оорулуу баладан соо балага аба аркылуу (чүчкүрүү, жөтөлүү, сүйлөшүү) жугат. Энесинен алган иммунитети болгондуктан, 6 айга чейинки ымыркайлар бул оору менен оорушпайт. 7-8 айдан тартып ооруга чалдыгуу коркунучу көбөйөт. Кээ бир ата-энелердин кызамыкты жеңил оору катары кабыл алгандары туура эмес. Себеби, кызамык баланын иммунитетин жок кылып салгандыктан, түрдүү ооруга чалдыгуу коркунучу туулат. Андыктан кызамык менен ооруп айыккан баланы бир айга чейин башка балдарга кошпой, эл көп топтолгон жерлерге алпарбай, жакшылап кароо зарыл. Эгер адам кичинесинде кызамык менен оорубаса, чоңойгондо деле ооруга кабылышы мүмкүн.

-- Алгач байкай турган кандай белгилери бар?

-- Баланын дене табы 38,5 градуска чейин көтөрүлөт, жөтөл менен мурун бүтүү келип чыгат. Көзү чылпактап, күндү жана электр жарыгын карай албай калат. Көңүлү айнып, тамакка табити жоголот. Таңдайда кызыл тактар пайда болот. Бул оору белгилери 3-4 күнгө созулат. 3-4 күндөн соң дене табы түшүп, кайра көтөрүлөт. Андан кийинки 1-күнү кулактын артында, моюнда, бетте кызыл бүдүрчөлөр пайда болот. Экинчи күнү кызыл бүдүрчөлөр баланын денесине, колуна чыгат. 3-күнү бүдүрчөлөр буттарына тарайт. Бул үч күнү тең баланын үнү бүтүп, жөтөлөт. Бүдүрчөлөр бири-бирине кошулуп, чоң аймакты ээлеп калышы да мүмкүн. 4-күндөн баштап тактардын өңү өчүп, бүдүрчөлөр кете баштап, баланын абалы жеңилдейт.

-- Балдарга кандай коркунучтуулугу бар?

-- Бронхит, пневмония, конъюнктивит (көздүн сезгениши), менингоэнцефалит (баш мээнин жана жүлүндүн сырткы кабыгынын сезгениши), отит (кулактын сезгенүүсү), стоматит (оозул), лорингит (тамак оорусу) жана башка оорулар келип чыгышы мүмкүн.

Кокус кызамыктын вирусуна башка бактериялар келип кошулса, анда баланын тамагы шишип, дем алалбай муунуп, бала чарчап калуусу да мүмкүн.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер