Акыркы кабарлар
» Саясат » Экс-президентке коңгуроо катары Алга Кылычев камалса...
Экс-президентке коңгуроо катары Алга Кылычев камалса...
01-июль, 08:28

Өткөн жумада Алга Кылычев 10 жылга кесилип, күчөтүлгөн тартипте абакка камалды. Чагылгандай тездик менен соттолуп кеткенин көпчүлүк түшүнбөй калды. Бийликке анчалык деле оппозициялык маанайда эмес экен. Болгону Курманбек Бакиевге, анын үй-бүлөсүнө каршы чыгып келгени айтылды. Бул жерде башка мандем жокпу? Себеби, Бакиевдерге дээрлик көпчүлүк катмар да каршы чыгат. Аларды эл кабыл албайт. Эмесе, сөз оролун баамдасак, Алмазбек Атамбаевге коңгуроо катары Алга Кылычев “садага чабылып” кеткен жокпу? “Тизгиниңди тарт!” деген ишаратпы? Акыркы кездерде экс-президенттин тарапташтары кыймылдай баштаса, анын ичинде активдүүлөрү “терилгениби”? Саясаттын сайы көп эмеспи. Байкай туралы.
"Азия Ньюс" гезити