Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстан коронавирус дартына чалдыккандарды жашыра баштадыбы?
Казакстан коронавирус дартына чалдыккандарды жашыра баштадыбы?
14-март, 14:12

Казакстандын бешинчи жараны коронавирус менен жабыркаганы анык болду. Ал Германияда дарыланууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
13-мартта Казакстанда эки жаран коронавирус менен жабыркап жатканы маалымдалды. Буга чейин коңшу өлкөдө аталган инфекция каттала элек болчу. Кийин үчүнчү, андан ары төртүнчү кишиден коронавирус катталган. Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшинкоронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн экенин билдирген эле.
Айрым эксперттердин баамында, коңшу өлкөдө бул коркунучтуу илдетке чалдыккандар учурда көбөйүп жатканы, Казак бийлиги маалыматты жашырууга аракет жасаганы ырасталабы?..