Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат Аманова: “Коомчулуктун дээрлик 70-80%ы никаб менен паранжага тыюу салууну колдойт”

Рахат Аманова: “Коомчулуктун дээрлик 70-80%ы никаб менен паранжага тыюу салууну колдойт”

16-сентябрь, 08:00
453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн директору менен маек.

-- Никаб кийип, чүмкөнүп, оронуп жүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоору сунушталууда. Хиджаб боюнча да пикирлер айтылууда. Сиз бул тууралуу ачык пикир билдирип келесиз...

-- Мен бул маселе боюнча оюмду ачык-айкын айтып келгем жана дагы айтам. Дегинкиси, кайсы доордо, кайсы коомдо, кандай маселе болбосун, көпчүлүктүн эркине азчылык баш ийген. Учурда никабды жана паранжаны кийгизбей тыюу салуу маселеси келип чыкты. Бул талаш-тартышта коомчулуктун дээрлик 70-80%ы никаб менен паранжага тыюу салууну колдойт.

Менин таңкалганым, молдо, кожо, ажылар эмне иш кылышат? Конкреттүү аткарган жумушу барбы? Макул, көрпендечиликтен улам туура жолдон адашкан мусулмандарды оң жолго салып атат дейли, бирок айлап-жылдап мечит, медреседе беш маал намаз окушуп, анан саймедиреп акыл-насаат айткандан башка эмне иш кылышат? 

Эмне үчүн бул маселе келип чыкты? Себеби, болгондо да биздин светтик мамлекет экенибизди эсинен чыгарып койгон дин төбөлдөрүнүн кайдыгерлигинен улам келип чыкты. Булар мамлекеттик бийликке колкабыш кылабы же кандай? Эмне үчүн бул маселени курчутпай ич ара чечип коюшпайт?

 Сунушум: мамлекеттик бийлик бутактарынын өкүлдөрү менен дин төбөлдөрү чогулуп, маселени чечиши керек. Ачык-айкын жол менен чечилген маселенин ар бир пунктун протоколдоштуруп, андан кийин Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгуу зарыл. Мындай курч маселе боюнча мыйзам кабыл алынып, бир жактуу чечилбесе болбойт.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер