Сапардын бийлигин эңсеген, моралдык жагы “өлгөн” Торалиева сөйкөнүп турганда
Блогер сымал Гүлнура Торалиева деген коомго анча белгисиз жазмакер бар. Айрымдарга тийишип жазып, сөйкөнүп турбаса жашоосу кыйындап кетет окшойт. Бул айым убагында Сапар Исаковдун жандоочусуна айланып, пиарщиги катары кызмат кылган. Агезде ТЭЦтеги, Тарых музейиндеги коррупциялык иштер апогейине жетип, кара так катары өчпөй калганы белгилүү. Мына ушундай жоболоңдуу иштердин арааны жүрүп атканда Торалиева чартаңбай тээп, Сапардын акыл кошчусу катары бузуку иштерге эмгек сиңиргени жалганбы? Кечээгиси булганыч ушундай “каарманыбыз” билмексенге салып, кайрадан акыл айтып, кыйынсына береби? Моралдык жагы “өлгөнүн” эскертип койчу жан жокпу? Суроолор көп. Кызыгы, Сапар Исаковдун ушул сыяктуу табакташтары тымызын бириге калышып, кийинки президент болорун айтышып, кыялга батып жатышканын кантебиз? Мындай “үйгүшмө топту” тийешелүү органдар билбесе керек. Качып кеткен коррупционер төрдө эмес, түрмөдө отурушу шарт.
"Азия Ньюс" гезити