Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Дакинова: “Ар бир үй-бүлөнүн психологу болушу кажет”

Аида Дакинова: “Ар бир үй-бүлөнүн психологу болушу кажет”

27-сентябрь, 14:33
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдун өзгөрүшү менен психология деген терминдер арбын колдонула баштады. Алтургай мындай адистерге кайрылгандардын саны өсүп, суроо-талап жогору экени талашсыз. Заман талабына жараша учурдагы психологдордун коомдогу орду боюнча Аида Дакинова менен баарлаштык. 

-- Психологдордун азыр коомдогу орду кандай? 

-- Учурда коомдо психологдордун орду өтө бийик. Анткени, ар бир үй-бүлөгө  сөзсүз психолог керек (!) деп айтсам жаңылышпайм. Себеби, психологдун орду маанилүү, керектүү, пайдалуу болуп турган учур. Ар бир адамдын жеке адвокаты, юристи, тиш доктуру, гинекологу, программисти, визажисти, үй-бүлөлүк дарыгери болгондой эле психологу да болушу абзел. Коомдо психологдорго суроо-талап жогору. Буга көйгөйдүн көп болуп жатканы себеп болууда. 

-- Сиздерге кайрылгандардын саны көппү? Көбүнчө кандай маселе менен кайрылышат?

-- Адамдардын көйгөйү көп болгондуктан, бизге кайрылгандардын да саны арбын. Негизинен ич ара бир пикирге келе албагандар, баласы менен атасынын, апасынын ортосундагы, күйөөсү менен аялынын, бир туугандардын арасындагы маселелер боюнча көп кайрылышат. Жубайлардын “ортодогу түшүнбөстүктөрдүн айынан ажырашууга жетип калдык, кандай кылсам?” деп кеңеш сурагандары  басымдуу. Өспүрүмдөр да бар. Эң негизги көйгөй – улуу муундун жаштарга эскиче тарбия бергиси келгенинде болот. Азыркы муундун дүйнөтаанымы өзгөчө, алар жашоону башкача карашат. Ошондуктан жүз жылдан бери иштеп келген эрежелер азыр иштебейт. Мына ушул мурдагы жана азыркынын өкүлдөрү тил табыша албай, пикир келишпестиктер келип чыгууда. Жаштар эски салт-санааны кабыл алгысы келишпейт, улуулар болсо жаңы нерсеге үйрөнүүгө барышпайт. Мисалы, мурда кыргыздарда ала качып кетүү кадимки көрүнүш, салт-санаа катары кабыл алынган болсо, азыркылар аны жапайычылык катары билишет. Ага-эжелердин: “Уят, эл эмне дейт? Чыдап жашаш керек” деген көптөн бери калыптанып калган стереотиптери алардын өсүп-өнүгүшүнө тоскоол болууда. Бул сөзсүз түрдө алардын бала-бакырасына да таасирин тийгизүүдө. Баалуулуктарды келечек муунга, жаштарга таңуулоо туура эмес. Көпчүлүк учурда дал ошол “улуулардын айтканын угуш керек”, “алар менен айтышпа, сыйла, унчукпай кал” деген оңдоп-түзөөлөр адамдарды депрессияга, кабатыр болууга алып келет. 

-- Аял канткенде өзүн-өзү коргоп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан алыс болот алат? 

-- Биз “аял-эркек” деп бөлгөнүбүз туура эмес. Анткени, психологияда аял дагы, эркек дагы адам катары кабыл алынат. Ал эми өзүн-өзү коргоо боюнча айта турган болсок, аял киши өзүнүн укугун жакшы билгенде коргоно алат. Зордук-зомбулукка кабылгандардын басымдуусу билимсиз болушат. Аларда коркуу сезими күчтүү, өздөрүнө таптакыр ишенишпейт. Ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан айрым түшүнүктөрдү жойгондо гана бизде аял менен эркек тең укуктуулукка ээ болот. Анткени бизде эркек негизги адам, аял киши экинчи сорттогудай кабыл алынып калган. Басымдуу үй-бүлөлөрдө ушундай. Мындан улам аялдарга басым көп болот. Бирок, психологияда аял-эркек бирдей укукка ээ экени так түшүндүрүлөт. Аял киши өзүн жабырлануучу катары кабыл алганда, зомбулукка көбүрөөк дуушар болот. “Мен бул адам менен эмнеге жашап, кандай пайда алып жатам?” деген суроону аял өзүнө бериши керек. Психологияда муну “экинчи пайда” деп атап коёт. Эгер аял киши басынтууга, ур-соккуга, же катаал мамилеге карабастан, ал адам менен жашоону уланткан болсо, демек, кандайдыр бир пайда издейт (!) деп түшүндүрүлөт. Бул учурда тактоо маанилүү. Жабырлануучу позициядан чыгып, өзүн-өзү коргогонду өздөштүрүшү керек. Антпесе, аялды эч ким коргой албайт. Эгер муну өз алдынча аткара албаса, сөзсүз психологдун жардамын алышы зарыл. Мен айымдарга “күйөөңөр менен урушкула, чабышкыла, уруш чыгаргыла” деп айтуудан алысмын. Бирок, өзүн, балдарын коргогонду билиши абзел!


Анархан Алтымышова 
"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер